Редакцияот 31.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVI-сессиясы

 

2023-жылдын 31-январы № 63

 

Мады Тазалык”  муниципалдык ишканасынын 2023-жылга турмуш тиричилик катуу калдыктарын чогултуунун ташып чыгаруунун жана жок кылуунун  тарифин бекитүү жөнүндө

 

          Мады айыл  аймагындагы  “Мады–Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н. Токторовдун айылдардан чыгып жаткан катуу тиричилик калдыктарын алып чыгууга болгон төлөмдөрдүн бааларынын тарифин бекитүү боюнча  билдирүүсүн Мады айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында  угуп жана талкуулап 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

     1. “Мады –Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Токторовдун айылдардан чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрдүн бааларынын тарифин бекиттүү боюнча билдирүүсү эске алынсын.

     2. “Мады –Тазалык” муниципалдык ишканасынын  айылдардан чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн бааларына төмөндөгүдөй өлчөмү киргизилсин:

Катуу  тиричилик калдыктарын ташып чыгууга жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү

 

№

Мазмууну

1 айга (сом)

 

1.     

Жеке үйлөр

150

 

2.     

Мектептер

500

 

3.     

Бала бакчалар

500

 

4.     

Оорукана

2000

 

5.     

Акушердик Фельдшердик пункт

1800

 

6.     

Поликлиника

1500

 

7.     

Азык-тулүк сатуучу дукөндөр

300

 

8.     

Коомдук тамактануучу жайлар

600

 

9.     

Навайкана, самсаканалар

300

 

10.  

Мончолор

300

 

11.  

Чач тарач, сүрөт кана тигүүчү цехтери

200

 

12.  

Машугуу залы

300

 

13.  

Отканадан чыккан күлдү чыгаруу 1 рейс

4000

 

14.  

Базарлар

1000

 

15.  

Айыл аймагындагы тазалыкты сактоо ( жолдордун эки жагы)

8000

 

 

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу “Финансы, бюджет жана экономика” боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов