Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 69/ХV-29
Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек планын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында Ак-Кудук айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек планынкарап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун" 9-пунктуна ылайык айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлеринин Келечек планы бекитилсин .
2. Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы өз ишинде ушул Келечек планды жана" Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобону" жетекчиликке алсын.
3. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин жер,турак жай жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |