МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVII-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 75
Асан-Чек айылындагы аты жок көчөгө Козубай уулу Камчыбектин ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылынын тургундары жана Ашимов Тынчтыкбектин арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Асан-Чек айылындагы аты жок көчөгө Козубай уулу Камчыбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Асан-Чек айылындагы Козубай уулу Камчыбек атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Козубай уулу Камчыбектин агасына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |