Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № 76

 

Кыргыз-Чек айылындагы Курманжан Датка ооруканасы жана  №87 Сыдык Алайчы    уулу атындагы  инновациялык мектеп-гимназия комплексинин ортосундагы көчөгө Ахмедов Абдыкадырдын ысымын коюу жөнүндө

 

       Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылынын  тургундары Ахмедова жана  Абдыкадыровдун   арызынын, 2023-жылдын  22-февралдагы жазган протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана  Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып,  Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында

 

                                                 ТОКТОМ   КЫЛАТ:

          1. Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылындагы Курманжан Датка ооруканасы жана  №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы  инновациялык мектеп-гимназия комплексинин ортосундагы көчөгө Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ахмедов Абдыкадырдын ысымы ыйгарылсын.

         2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Кыргыз-Чек айылындагы Ахмедов Абдыкадыр атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Ахмедов Абдыкадырдын балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

         3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов