Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-марты № 189
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кесиптик орто жана жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүү уюмдарына кабыл алуунун ачык-айкын механизмдерин камсыз кылуу, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "жана бюджеттик орундары" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жалпы орто жана баштапкы кесиптик билими жөнүндө (жалпы орто билими жөнүндө документи бар болсо) мамлекеттик үлгүдөгү документи бар адамдарга менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыктыгына жана статусуна карабастан кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында сырттан окуу формасына кабыл алуу жүргүзүлбөйт.";
- 19-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 36-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"36. Чет мамлекеттердин жараны - абитуриенттердин документтерин кабыл алуу АМС аркылуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. АМС аркылуу кабыл алуу тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.";
- 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"38. Чет мамлекеттердин билим берүү уюмдарында билим алган Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жалпы орто билими, кесиптик башталгыч, орто же жогорку билими жөнүндө мамлекеттик документине эквиваленттүү билими тууралуу документин тапшырууга тийиш.
Чет мамлекеттердин билим берүү уюмдары тарабынан берилген билими жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Чет өлкөлүк билим берүү уюмдарында билим алган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана чет өлкөлүк жарандарды окууга кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билим деңгээлинин жана мазмунунун шайкештиги жөнүндө маалымкатты бербесе жол берилбейт.";
- 5-глава төмөнкүдөй мазмундагы 531-пункт менен толукталсын:
"531. АМСтин үзгүлтүксүз ишине тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлар пайда болгон учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 51, 52 жана 53-пункттарында көрсөтүлгөн абитуриенттерди каттоонун жана сунушталган абитуриенттердин окууга болгон каалоосун ырастоонун мөөнөттөрүн өзгөртүүгө укуктуу.";
- 54-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү окуу формасын тандоого укуктуу.";
- 55-пункттун бешинчи абзацы жана 73-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 111-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандар ушул окууга кабыл алууда Тартиптин 37-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин тапшырат.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүүчү билим берүү уюмдарынын мамлекеттик билим берүү гранттары жана бюджеттик орундары жөнүндө жободо:
- аталышындагы "жана бюджеттик орундары" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пунктта:
"жана бюджеттик орундары" жана "жана бюджеттик орундарды" деген сөздөр алып салынсын;
"35, 44" деген цифралар "3, 54" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) - билим алуучуга (грант алуучуга) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмунда тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү адистиктер боюнча окуу үчүн берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттары.";
- 3 жана 22-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4, 10, 18, 19 жана 20-пункттардагы түрдүү сандагы жана жөндөмөдөгү ", бюджеттик орун" деген сөздөр алып салынсын;
- 2, 3, 4-главанын аталышындагы, 13, 14 жана 23-пункттардагы түрдүү сандагы жана жөндөмөдөгү "жана бюджеттик" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункттагы "жана бюджеттик орундардын" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттагы ", бюджеттик" деген сөз алып салынсын;
- 12-пункттагы "ЖОЖдордо гранттык жана КООЖдорго бюджеттик" деген сөздөр "Билим берүү уюмдарында гранттык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пунктта:
биринчи абзацындагы "ЖОЖдор" жана "КООЖдор" деген сөздөр тиешелүү түрдө "кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары" жана "кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Билим берүү уюмдарына окууга кабыл алынган жана гранттык каражаттардын эсебинен кесиптик жогорку жана орто билим алган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте атайын комиссиянын бөлүштүрүүсүнө ылайык эки жылдык иштеп берүү мөөнөтү менен ишке жиберилүүгө тийиш.";
- 16-пунктта:
биринчи абзац "ордун" деген сөздөн кийин "алты айдын ичинде" деген сөздөр менен толукталсын, ", бюджеттик орундун" деген сөздөр алып салынсын;
үчүнчү жана төртүнчү абзацтардагы "ЖОЖдон/КООЖдон" деген сөздөр "билим берүү уюмдарынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пунктта:
биринчи жана экинчи абзацтардагы "ЖОЖдун/КООЖдун" деген сөздөр "билим берүү уюмунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "ЖОЖдун" деген сөз "билим берүү уюмунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү, мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окууга жиберилгендер менен мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда милдеттүү түрдө иштеп берүү жөнүндө келишим түзүлөт же келишимдин шарттары бузулган учурда окууга кеткен чыгымдар кайтарылат.";
- 20-пункттагы "ЖОЖдо, КООЖдо" деген сөздөр "билим берүү уюмунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Студентти бир билим берүү уюмунан башкасына которууга же бир билим берүү уюмунун ичинде башка багытка/адистикке которууга жол берилбейт. Гранттагы студентти бир билим берүү уюмунан башкасына ошол эле же тектеш адистикке/багытка которууга билим берүү уюму тарабынан жүйөлүү себептер (ден соолугунун абалы, жашаган жеринин өзгөрүшү) болгон учурда жана ырастоочу документтери болгондо гана жол берилет. Башка билим берүү уюмдарында гранттык негизде билим алып жаткан студентти Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясына мамлекеттик билим берүү грантына которууга жол берилбейт.";
- 24 жана 25-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Гранттык негизде окуган студент билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу жана кайра калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралган учурларда билим берүү уюмунан чыгарылышы мүмкүн.
25. Гранттык негизде билим алып жаткан студент окуудан чыгарылган учурда билим берүү уюму бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга расмий түрдө кабарлоого милдеттүү.";
- 26-пунктта:
"ЖОЖ, КООЖ" деген сөздөр "Билим берүү уюму" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"жана бюджеттик" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:
"27. Ушул Жободо каралган учурларда билим алуучу окуу акысын кайтарып берүү жөнүндө милдеттенмени аткарбаган учурда билим берүү уюму алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин сотко кайрылууга укуктуу.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 491 "Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кесиптик орто жана жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарында гранттык жана бюджеттик негизде окуган жаш адистерди бөлүштүрүү тартибинде:
- 3-пункт "маданият жана искусство жаатындагы" деген сөздөрдөн кийин ", энергетика жаатындагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- энергетика жаатындагы багыттар жана адистиктер боюнча - энергетика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүштүрүүсүнө ылайык кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн иштеп берүү мөөнөтү - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн - бир жыл.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен окуган "Акылман" президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрү бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү бар мекемелерге, уюмдарга же ишканаларга кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - эки жыл, кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн - бир жыл иштеп берүү мөөнөтү менен ишке жөнөтүлүүгө тийиш.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жободо:
64-пункт төмөнкүдөй абзацтар менен толукталсын:
"2026/2027-окуу жылынан тартып КЖБ билим берүү уюмдары жалпы орто жана кесиптик башталгыч (жалпы орто билими жөнүндө документи болгон учурда) билим берүүнүн базасында сырттан окутуу формасы жүргүзүлбөйт.
КЖБ билим берүү уюмдарына кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында тездетилген программалар боюнча, ошондой эле магистрлерди даярдоо программалары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окутуу формасында адистерди даярдоого жол берилет.
Сырттан окуу формасы боюнча окутууда КЖБ билим берүү уюмдарында билим берүү процесси заманбап аралыктан окутуу технологияларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана аралыктан идентификациялоо элементтерин милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.".
7. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кызыкдар тараптардын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана "Чет элдик студенттерди кабыл алуу борбору" мамлекеттик ишканасына консультациялык колдоону камсыз кылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 23 (3783) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ