МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVII-сессиясы
2023-жылдын 6-марты № 78
Каарман айылындагы аты жок көчөгө Эргешов Насирбайдын ысымын коюу жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын тургуну Эргешов Төлөгөндүн арызынын негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы аты жок көчөгө Эргешов Насирбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Каарман айылындагы Эргешов Насирбай атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Эргешов Насирбайдын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |