Редакцияот 19.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин  (сегизинчи чакырылышы) XII cессиясы

 

2026-жылдын 19-марты № 01-5/65

Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын бекитүү жөнүндө

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелеринин ижара акысынын баштапкы ставкасын бекитүү жөнүндө 25.02.2026ж. №01-27/106 сандагы каты боюнча шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү”  боюнча туруктуу косммиссиясынын корутундусун угуп маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер  Кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык  менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.       Сүлүктү шаарынын аймагындагы борбордук көчөлөрдө, борбордук жана кичи базардын айланасында же эл көп жайгашкан жерлерде, коммерциялык багытындагы убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлердин жана имараттын бир чарчы метр ( 1м2 ) жер тилкесин айына 60-80 сомго чейин эсептелинсин, (жаӊы ачылган ссооа түйүндөрү 60 сом, ал эми иштеп жаткан соода түйүндөрү 80 сом);

2.       Сүлүктү шаарынын ички көчөлөрү, чет жагында жайгашкан жер тилкелерин, коммерциялык багытындагы убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлердин жана имараттын бир чарчы метр ( 1м2 ) жер тилкеси айына 40-50 сомго чейин эсептелсин, (жаӊы ачылган соода түйүндөрү 40 сом, ал эми иштеп жаткан соода түйүндөрү 50 сом);

3.       Башка коммерциялык багыттагы жер тилкелери (оюн-зоок, СТО, вулканизация, унаа жуучу жайлар) 1м2 жер тилкеси 15-30 сомго чейин эсептелсин, (жаӊы ишин баштаган ишкерлерге 15 сом, иштеп жаткан ишкерлерге 30 сом)

4.       Уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акысы 7000-10000 сомдон кем эмес болсун;

5.       Чарбалык курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша №1 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин;

6.       Сезондук соода-сатыктар, көмүр көмүү жана көмүр элгөөчү базалар үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер кыска мөөнөткө тооруксуз берүү үчүн №2 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин жана 1 айдан 1 жылга  чейин түз сатуу жолу менен келишим түзүлсүн.

7.       Сүлүктү шаарынын аймагында өндүрүш максатында иштетилүүчү жер тилкелери үчүн  №3 тиркемеге ылайык таблицалык формасы бекитилсин.

 

8.       Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесининин башчысы С.Калакуловго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү”  боюнча туруктуу косммиссиясына жүктөлсүн

 

 

 

Төрага

Б.Абдуназаров

 

 

“Бекитемин”

Шаардык кеӊештин төрагасы

_________________ Б.Абдуназаров

Шаардык кеӊештин XII сессиясынын                      19.03. 2026-ж.  01-5/65  токтомуна            №1-тиркеме

 

Чарбалык курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша таблицалык формасы

            Баасы: кв.м. (сом кв.м)

100м2 чейин

101-300 чейин

301-500 чейин

501-1000 чейин

1000 ден жогору

Чарбалык курулуш

жеке жактарга

200-250

250-300

300-500

500-800

1000-2000

Чарбалык курулуш

юридикалык жактарга

100- 1000м2 чейин 2000сом айына

1000м2-0,5га 5000 сом айына

1га-3га жогору 8000 сом айына

-

-

Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

 

50-60

60-80

80-100

100-150сом

0,5га-1га 300-500, 1га-3га 500-700 сом,

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын

 алдындагы МММ башчысы :        С.К. Калакулов       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Бекитемин”

Шаардык кеӊештин төрагасы

_________________ Б.Абдуназаров

Шаардык кеӊештин XII сессиясынын                      19.03. 2026-ж.  01-5/65 токтомуна                  №2- тиркеме

 

 

Сезондук соода-сатыктар, көмүр көмүү жана көмүр элгөөчү базалар үчүн убактылуу ижара шартында пайдаланууга берилген жерлер кыска мөөнөткө тооруксуз берүү үчүн таблицалык формасы

 

№

Сооданын аталышы

Ижара келишиминин мөөнөтү

Ижара акысынын болжолдуу суммасы (сом)

1

Дарбыз, коон

1 ай

2000

2

Жашылча-жемиштер, гүл сатуу

1 ай

1000

3

Газ суу, шербет ж.б. суусундуктар

1 ай

1000

4

Балмуздак

1 ай

1000

5

Башка сезондук көчөгө коюлуучу соода точкалары ( веб касса, лотерея сатуу, чөпж.б )

1 ай

1000

6

Көмүр көмүү

3 айдан-12 айга чейин

5000

7

Көмүр элгөөчү база

1 айына

6000

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын

алдындагы МММ башчысы :              С.Калакулов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Бекитемин”

Шаардык кеӊештин төрагасы

_________________ Б.Абдуназаров

Шаардык кеӊештин XII сессиясынын                      19.03. 2026-ж.  01-5/65 токтомуна                  №3- тиркеме

 

Сүлүктү шаарынын аймагында өндүрүш максатында иштетилүүчү жер тилкелери үчүн таблицалык формасы:

 

Баасы: кв.м. (сом кв.м)

1-3 га чейин

3-5 га чейин

5-10 га чейин

10 га жогору

Көмүр казуу

4000с айына

6000 с айына

8000с айына

12000с айына

Соц.пакет

100 кап көмүр

200 кап көмүр

300 кап көмүр

500 кап көмүр

Акиташ

500с айына

1000с айына

1500с айына

3000с айына

Соц.пакет

 

Мэрия жана Сүлүктү-Тазалыкты МИ акиташ менен камсыз кылуу.

 

Кум-шагыл

1000с айына

3000с айына

5000с айына

 

6000с айына

 

Соц.пакет

 

Шаардын муктаждыгына жараша кум жана шагыл менен камсыз кылуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сүлүктү шаарынын мэриясыны

 алдындагы МММ башчысы :                                                               С.К.Калакулов