Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVII-сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № 81

 

Мады айыл өкмөтүнүн  Жоош айылындагы айрым  көчөлөрүнүн аттарын өзгөртүү  жөнүндө

 

       Мады айыл өкмөтүнүн  Жоош айылындагы айрым көчөлөрүнүн бирдиктүү ресстрин түзүү жана айыл тургундарынын көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү жөнүндөгү арыздарынын жана 2023-жылдын 8-январь №1 сандуу протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар  жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып,  Мады айылдык кеңеши  төмөндөгү көчөлөрдүн аттарын өзгөртүп берүү максатында

 

                                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мады  айыл өкмөтүнүн   Жоош  айылындагы  айрым  көчөлөрүнүн аттары өзгөртүлүп, кайрадан төмөндөгүдөй ысымдар  ыйгарылсын:

1. Жоош айылынын борбодук көчөсүнө, айылдын  башынан мечитке чейинки аралыгына -Ата Мекендик согуштун катышуучусу Тешеев Турдубайдын ысымы    

2. Жош айылынын мечитинен  Отуз-Адыр каналына чейинки аралыгына  – Намаз  уулу Айтимбеттин ысымы

         3. Борбордук  көчөгө жанаша  жайгашкан  көчөгө - Эсеменди уулу Маматкулдун  ысымы

4. Жоош айылынын күн чыгыш тарабындагы кыска көчөгө–Тогузеков Баатырдын ысымы

5. Жоош айылынын күн батыш тарабындагы кыска көчөгө – Ленин орденин ээси Жээнбаев Сайдаматтын ысымы

6. Мектепке кеткен көчөгө – айылда имам болгон Жороев Омаралинин   ысымдары ыйгарылсын.

2. Жаңыдан аталышка ээ болгон  көчөлөргө көчөлөрдүн аттары жазылган көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы көчөлөргө аттары ыйгарылган маркумдардын балдарына, жакын туугандарына   милдеттендирилсин.

     3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин  “Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы  К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов