СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) XII cессиясы
2026-жылдын 19-марты № 01-5/66
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилерин 2026-2027-2028-жылдарга карата менчиктештирүү Программасын жана менчктештирүүгө тийиш болгон объектилердин жана мүлктөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 17.03.2026ж. №01-7/740 жана Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилерин 2026-2027-2028-жылдарга карата менчиктештирүү Программасын жана менчктештирүүгө тийиш болгон объектилердин тизмесин бекитүүжөнүндөгү 04.03.2026ж. №01-27/123 сандагы каты боюнча шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу косммиссиясынын корутундусун угуп маселени талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5 пунктуна , Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 13 беренесине ылайык Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги объектилерин 2026-2027-2028-жылдарга карата менчиктештирүү Программасын №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги менчктештирүүгө тийиш болгон объектилердин жана мүлктөрдүн тизмеси №2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Шаардык мэрия жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемеси бул багыттагы ишин бекитилген Программага ылайык жүргүзсүн;
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сүлүктү шаардык мэриясына жана мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесининин башчысына, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу косммиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Абдуназаров |
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/66 токтомуна №1-тиркеме
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчиктеги
объектилери менен мүлктөрүн 2026-2027-2028-жылдарга
менчиктештирүү боюнча
ПРОГРАММАСЫ
I. Жалпы Жобо
Сүлүктү шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык Кодексинин, Турак Жай Кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде иштелип чыкты.
Менчиктештирүү программасы төмөнкүлөрдү белгилейт:
- менчиктештирүү багытындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарын жана милдеттерин;
- муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнү жана тоорук өткөрүү эрежелерин;
- муниципалдык ишканаларды ирилештирүү тартибин.
Муниципалдык мүлк болуп саналган объектерди классификациялайт:
- менчиктештирүүгө жаткан муниципалдык мүлк объектилери;
- муниципалдык мүлк макамында, аларды менчиктештирүү чечими чыкканга чейинки муниципалдык объектилер;
- менчиктештирүүгө тыю салынган муниципалдык объектилер.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүүдөн келип түшүүчү акча каражаттарынын божомолу.
Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жараянынын соңунда келип чыгуучу инвестициялык салымдардын божомолу.
Менчиктештирүүгө сунушталуучу муниципалдык мүлктөр менчиктештирүүгө тиешелүү комиссия тарабынан каралып, депутаттардын шаардык кеңешинде бекитилет.
II. Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары.
Муниципалдык менчик объектилерин жеке менчиктештирүүдөгү негизги артыкчылыктары катары төмөнкүлөр эсептелет:
- шаардын экономикасынын эффектүүлүгүн (өндүрүмдүүлүгүн) жана айрым бир ишканалардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү:
- кыймылсыз мүлктөр базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү:
- жеке менчик ээлеринин кеңири чөйрөсүн түзүү, кичи жеке ишкердүүлүк үчүн колдоо көрсөтүү:
- конкуренттик продукцияларды өндүрүү үчүн шарттарды түзүү жана муктаждыкка мүмкүнчүлүк болгон же өтө муктаж болгон нерселер үчүн жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү:
- рентабелдүү эмес ишканаларды кармоо үчүн бюджеттик чыгашаларды азайтуу:
- менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды шаардын керектөөсу үчүн бюджеттик чыгашаларды оптимизациялаштыруу үчүн жумшоо.
III. Менчиктештирүүнүн усулдары жана шарттары.
- Менчиктештирүүнүн усулдары:
- - аукциондо сатуу;
- - конкурста сатуу;
- - кийин сатып алуу шарты менен башкарууга өткөрүү;
- - кийин сатып алуу шарты менен ижарага өткөрүү;
- - чарба жүргүзүүчү субъектилердин уставдык капиталдарына салым катары киргизүү;
- - фондулук биржага баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана сатуу;
- - түз сатуу ыкмасы.
- Жогорудагы ыкмалар боюнча соодага коюлуп, сатылбай калган өзгөчө учурларда түз сатуу усулу колдонулушу мүмкүн.
- Менчиктештирүү ыкмасын тандоо жергиликтүү ыйгарым – укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.
- Стратегиялык маанидеги объектер Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин уруксаты менен жол жоболоштурулат.
- акысыз өткөрүп берүү
IV. Объектилерди жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелиши.
Муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер жеке менчиктештирүү мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкүдөй түрлөргө (чектерге) бөлүнүштүрүлөт:
- менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объектилери жана мекемелер:
- шаардык Кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке берилишинин токтолушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына чейин менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер:
- менчиктештирилүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.
V. Жеке менчиктештирүүгө тыюу салынган муниципалдык менчик объектилери жана мекемелер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге кирген Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий баалуулук объектилери:
- шаардык бюджет тарабынан камсыздалуучу маданият жана спорт объектилери:
- медициналык мекемелер:
- билим берүү мекемелери:
- көрүстөндөр:
- коомчулукту социалдык жактан коргоо системасынын уюмдары жана мекемелери:
- шаардык автоунаа жолдору, ошондой эле алардын ишмердүүлүгүн камсыз кылып туруучу тийешелүү мекемелер:
- инженердик инфраструктура объектилери, анын ичинде электр, жылуулук жана газ менен камсыздоо, суу-канализация чарбалары ошондой эле, аталган объектилердин мазмунун түзүп, ишмердүүлүктөрүн камсыз кылып туруу үчүн иштетилген уюмдар жана мекемелер:
- жалпы коомчулукка тийешелүү жерлер жана жалпыга тийешелүү үйлөр жана алардын мүлктөрү:
- парктар, скверлер (тратуарлар), дем алуучу жайлар:
VI. Шаардык Кеңештин чечими менен муниципалдык менчикке бекитилген объектилер жана мекемелердин жеке менчикке берилишинин токтолушу жөнүндөгү чечимдин жокко чыгарылышына чейин жеке менчиктештирилүүсү чектелген муниципалдык объектилер жана мекемелер.
- курорттук рекреакциялык чарбалар жана туризм объектилери:
- оюн-зоок, коомчулукту кызыктыруу үчүн кызмат көрсөтүү объектилери:
- почталык байланыш бөлүмдөрү:
- шаардык посажирдик транспорт объектилери жана мекемелери:
- ритуалдык кызмат көрсөтүү объектилери жана мекемелери:
Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык менчиктеги объектилер жана мекемелер.
- жашоону камсыздоо жана түрдүү кызмат көрсөтүү үчүн колдонулбаган эч ким жашабаган имараттар, кыймылсыз мүлк объектилери:
- курулуп бүтпөгөн объектилер:
- мончо кир жуугуч чарбалар:
- ижарада турган жана адамдар жашабаган фонд объектилери:
VII. Жеке менчиктештирүү тартиби жана кыймылсыз мүлк объектилерин баалоо.
Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүүгө тартиби жана аларды баалоо муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана аларды баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат.
Муниципалдык мүлктөрдү сатып алуучулар тарабынан төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрү муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ишенимдүү уюм тарабынан белгиленген жана сатуу-алуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүлөт.
Муниципалдык мүлктөрдү жеке менчиктештирүүнүн негизинде түшкөн акча каражат кирешелери шаардык Кеңештин чечимине ылайык шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн жумшалат.
Кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчиктештирүү жана баалоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр муниципалдык мүлктөрдү башкаруу боюнча ишенимдүү өкүл тарабынан иштелип чыгат жана шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет.
VIII. Программаны ишке ашыруу механизими.
Программаны ишке ашыруу механизими шаардын чарбачылыгынын социалдык-экономикалык жактарынын (процессин) башкаруунун жалпы механизиминин бир бөлүгү болуп эсептелет. Программаны ишке ашыруу механизиминин негизги элементтери болуп: - программанын максатына жана милдеттерине ылайык башкаруу уюмдарды түзүү жана калыптандыруу: - ачык-айкындуулук, жеке менчиктештирүү жарыянын (процессин) ачыктыгы менен иштөө, экономикалык жаңылануулардагы ар бир адамдын өз ордун жана ролун сапаттуу түрдө так жана туура түшүнүшүн калыптандыруу.
Жеке менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон объектилердин тизмесин түзүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ишенимдүү өкүлү тарабынан түзүлөт жана шаардык Кеңешке сунушталат.
Менчиктештирүүгө мүмкүн болбогон объектилердин тизмеси муниципалдык менчиктин объектилерин жеке менчиктештирүү боюнча комиссия (мындан ары) комиссия тарабынан каралат жана шаардык Кеңештин сессиясында бекитилет.
Сүлүктү шаарынын мэриясынын
алдындагы МММ башчысы : С.К.Калакулов
“Бекитемин”
Шаардык кеӊештин төрагасы
_________________ Б.Абдуназаров
Шаардык кеӊештин XII сессиясынын 19.03. 2026-ж. 01-5/66 токтомуна
№2- тиркеме
Менчиктештирүүгө тийиштүү болгон муниципалдык менчиктеги
объектилердин жана кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдүн 2026-2027-2028-жылдарга карата тизмеси
К.№ | Объектилердин аталышы | Бирдик өлчөмү | Даанасы | Божомол суммасы | Менчиктештирүүнүн убактысы |
1 | Муниципалдык квартиралар | Батир | 90 | 9 000 000 | 2026-2027-2028ж |
2 | Кыймылдуу мүлктөр | Автоунаа | 4 | - | 2026-2027-2028ж |
| Бардыгы: |
|
| 9 000 000 |
|
Сүлүктү шаарынын мэриясынын
алдындагы МММ башчысы: С.К.Калакулов