Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XVII-сессиясы
2023-жылдын 11-майы № 83
Мады айыл өкмөтүнүн аймагында “Мады-Сугат-Суу” Муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 22,27,28-беренелерин жетекчиликке алып, элден түшкөн суроо-талапты эске алып, дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну көздөп жана сугат сууга болгон тиешелүү маселелерди мыйзам чегинде ачык айкын көзөмөлдөө максатында “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерди угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн алдында “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын.
“Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасынын толук аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасы
Расмий тилде: Муниципальное предприятие “Мады-Сугат-Суу”
“Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасынын кыскартылган аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Мады-Сугат-Суу” МИ
Расмий тилде: МП “Мады-Сугат-Суу”
2. Мады айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 30-мартындагы “Мады айыл өкмөтүнүн аймагында “Мады-Сугат-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү № 61 буйругу бекитилсин.
Төрага |
| Б.Мадазимов |