АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 72/ХVI-29
Киров айылындагы “Лапушка” балдар бакчасынын аталышын которуу жөнүндө
Айылдык кеңешинин сессиясында “Лапушка” балдар бакчасынын аталышын мамлекеттик тилдеги аталышка которуу жөнүндө 2026-жылдын 9-февралындагы кайрылуусун, педагогикалык кеңешменин 2026-жылдын 14-январындагы №3 протоколун жана ата-энелер жыйынын №2 протоколун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагына караштуу Киров айылындагы “Лапушка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун аталышы ”Ак-Нур” болуп которулсун.
2. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун фирмалык аталышы “Ак-Нур” мектепке чейинки билим берүү уюму” деп аталсын. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде -“Ак-Нур” МЧББУм-си
- на официальном языке- ДОО “Ак-Нур”
3. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |