Редакцияот 11.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XVIII-сессиясы

 

2023-жылдын 11-майы № 86

 

Папан айыл аймагынан  Лаглан айылына чейинки унаа жолун  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүү жөнүндө

      Мады айыл өкмөтүнүн башчысы У.Олжобаевдин  2023-жылдын 24-апрелинде чыгыш № 336 сандуу катынын негизинде Папан айыл аймагынан  Мады айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылына чейинки унаа жолун  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Папан айыл аймагынан Мады айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылына чейинки унаа жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлгө алуу жагы  “Айыл   чарбасы,  жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовго жүктөлсүн. 

 

Төрага

 

Б.Мадазимов