Редакцияот 24.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2026-жылдын 24-марты №134

Суу-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2025-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчету жана 2026-жылга иш планын,

бюджетин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовдун 2026-жылга түзүлгөн иш планын, бюджетин карап чыгып, 2025-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдуматовдун 2025-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жайлоолордон түшүүчү жайыт акы эсептелген тарифине ылайык бекитилсин.

 

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2026-жылга сунуш кылган бюджети, жайыттарды пайдалануунун жылдык иш планы бекитилсин.

 

  1. Жайыттарды туура пайдалануу, жайыт пайдалануучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жайыт акысын өндүрүү жана бюджетти бекитилген сметага ылайык өз багытында максаттуу жана үнөмдүү иш алып баруу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагына сырттан келген мал жандыктар биздин аймакка таандык эмес болсо, милдеттүү түрдө алып чыгып кетүү же болбосо милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте айып пул салуу чаралары көрүлсүн.

 

  1. Жайыт пайдалануучуларга жайлоого мал жандыктарын алып чыгуу убактысы жакынкы жайыттарга 15-апрелине чейин, алыскы жайыттарга жайгаштыруу 15-майдан баштап уруксат берилсин жана белгиленген тартип аткарылбаган учурда малчыларга мыйзамдуу чаралар көрүлөөрү эскертилсин.

 

  1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин орун басарларына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

 

К. Шакиров