Редакцияот 24.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2026-жылдын 24-марты №135

 Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына  жана  Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагындагы коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Суу-Башы айыл аймагында маршруттук каттамдардын иштөө убактысын жөнгө салуу, автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы менен иш алып баруу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 

К. Шакиров