Редакцияот 07.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XIX-сессиясы

 

2023-жылдын 7-июну № 101

 

 Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун өзгөртүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жөнүндө

 

          Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун өзгөртүү  жана тийиштүү иш-кагаздарды даярдоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы  У.Олжобаевдин   мааламатын угуп, талкуулап  Мады айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Мады айыл өкмөтүнүн күбөлүгүн, жобосун жаңыдан  өзгөртүүгө уруксат берилсин.

2. Тийиштүү иш-кагаздарды даярдоо ФЭБ башчысы М.Мырзабаевке жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов

тиркеме

 

Мады айыл өкмөтү мекемесинин

ЖОБОСУ

 

 

                                                                                          I.                Жалпы жоболор

 

 

I.1.    «Мады айыл өкмөтү»   мекемеси  (мындан  ары - Айыл  өкмөт)  жергиликтүү өз алдынча    башкаруунун    аткаруу органы жана  жергиликтүү  өз  алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну  камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Айыл өкмөт кыргыз Республикасынын Конститутциясына ылайык ишке ашыруучу, ошондой эле, аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү,   социалдык-экономикалык   пландаштыруу жана  калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүүчү орган болуп эсептелет.

I.2.     Айыл өкмөтү бир айылдык кеңеши – бир айыл өкмөтү принцибинде түзүлөт.

I.3.     Айыл өкмөтү  өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  Кыргыз  Республикасынын    Конституциясын, мыйзамдары, Президенттин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, жергиликтүү кеңештин чечимдерин, мамлекеттик администрациясынын чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Айыл өкмөтү мамлекеттик бийлик органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө иштейт, Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүугө болгон конституциялык укуктарын жүзөгө ашыруучу шарт түзөт.

I.4.   Айыл өкмөтү өзүнүн ишин жергиликтүү жамаат  менен,  коомдук  уюмдар  менен тыгыз  байланышта жүргүзүп,  жарандардын  жергиликтүү маанидеги  маселелерин чечүүдөгү Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы менен кепилдикке алынган укугун жана чыныгы жөндөмдүүлүгүн ишке ашырууну камсыз кылат.

I.5.   Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүулүгүн төмөндөгү принциптерде ишке ашырат:

·         мамлекеттик    бийлик   органдарынын   жана   жергиликтүү   өз   алдынча  башкаруу

органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;

·         жергиликтүү   өз    алдынча    башкаруу    органдарынын    жергиликтүү  жамааттын

алдында   ачыктыгы   жана   жоопкерчиликтүүлүгү  жана  алардын  өз  иш-милдеттерин

жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

·          мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүулүк;

·         Өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;

·         Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу  эрктерин билдириши;

·         Жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

·         Коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

·         Тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо.

I.6.      Айыл  өкмөтү   юридикалык   жак  болуп    эсептелинет,  гербдүү, мөөрү, тийиштүү штамптары болот.

I.7.      Айыл өкмөтүнүн уюштуруу-укуктук формасы-мекеме

I.8.      Айыл өкмөтүнүн толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:«Мады айыл өкмөтү»  мекемеси.

Расмий тилде аталышы: Учреждение «Мады айыл окмоту».

            Айыл өкмөтүнүн кыскартылган фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде:  «Мады айыл өкмөтү»  м-си.

Расмий тилде аталышы: У-е «Мады айыл окмоту».

I.9.        Айыл өкмөтүңун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош облусу,Кара-Суу  району, Мады айылдык аймагы, Асанчек айылы, Алимбек уулу Асанбек көчөсү, 17А.

 

 

 

 

                                                                      II.                Айыл өкмөтүнүн структурасы

 

II.1.                    Айыл   өкмөтүнүн    структурасы,    штаттык    саны   Кыргыз    Республикасынын

Министрлер  Кабинети  тарабынан  аныкталып  бекитилет.

II.2.               Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнун башчысынан, анын орун басарынан  жана айыл өкмөтүңун жанаайыл өкмөтүңүн апаратындагы муниципалдык кызматкерлерден, айыл башчылардын турат.

II.3.               Айыл өкмөтүнүн аппараты айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын   жүзөгө   ашырууда,  шайлоочулардын   алдында   отчетторун даярдоодо  жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

II.4.               Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде тийиштүү айылдык кеңешинине, ал эми өткөрүлүп  берилген мамлекеттик ыйгарым укуктары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга     отчет берет.

II.5.               Өзүнчө жашашкан калктуу конуштардын жергиликтүу маанидеги маселелерин    оперативдүү чечүүнү уюштуруу максатында айылдык кеңешинин чечими боюнча айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

II.6.               Айыл өкмөтү өзүнүн компентенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алынган чечимдерге айыл өкмөтүнүн башчысы кол коет.

II.7.               Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чыгарган актылары тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

II.8.               Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына жана милдеттерине   тиешелүү айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирет.

 

 

                                                                 III.                Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

Айыл өкмөтү:

III.1.             Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү  жана  калкты социалдык  коргоо  программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүу кеңешке бекитүүгө берүүгө катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат, ошондой  эле аларды расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүу кеңеш    тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге)   жайгаштырат;

III.2.             Жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана аны  айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

III.3.             Тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо  боюнча иш- чараларды жүзөгө ашырат;

III.4.             Жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

III.5.             Турак жай фондун, турак жай коммуналдыкчарбаны өнүктүрүү жана аймакты абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

III.6.             Муниципалдык ишканларды менчиктештирүүнү жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарба багытындагы объектерди жана алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн  балансына өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;

III.7.             Аймакта курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун чечимдери менен эрежелеринин сакталышына  контролду ишке ашырат;

III.8.              Жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш- чараларды жүзөгө ашырат;

 

 

III.9.             Мамлекеттик –жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүн долбоорлорун издөонү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүргүзөт;

III.10.          Мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

                                                        IV.                Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары

 

IV.1.             Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшун, социалдык- экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн Айыл өкмөтүнүн карамагына төмөнкү маселелери таандык кылынат:

IV.2.             Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле   инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

  • муниципалдык менчикти башкаруу;
  • жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
  • калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
  • калтуу конуштарды канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
  • калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
  • жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүунү уюштуруу;
  • көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
  • жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
  • парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
  • турмуш-тиричилик калктарын жыйноону, ташып кетүунү жана керектен   чыгарууну юштуруу;
  • муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
  • жергиликтүү маанидеги маданий жана тарыхый жетишкендиктерди сактоо;
  • Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
  • Жер пайдалануу эрежелерин бергилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
  • Тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
  • Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
  • Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
  • Бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
  • Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну  уюштуруу;
  • Дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
  • Өзгөчо кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү.

4.2.     Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик укуктар таандык кылынышы мүмкүн.

4.3   Айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилип жаткан ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл болгон материалдык жанакаржылык каражаттар менен бир эле убакта мамлекеттик камсыз кылуунун тартибинбелгилеп, мыйзамдын же келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

4.4.     Мамлекеттик бийлик органдары менен айыл өкмөтүңун ортосундагы келишимдин  негизинде ммлекеттик ыйгарым укуктар  берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.

4.5.       Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет бир эле убакта мамлекеттик ыйгарым   укуктарды берүү менен жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен         

максаттуу  трансферттерди караган жиберилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка каржылоо булактарын аныктаган учурларла гана жол берилет.

4.6   Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча айыл өкмөтү мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

4.7       Айыл өкмөтүнө берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

  • калктын жумуштуулугунун  жана миграциянынпрограммаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;
  • жарандардын     эсебин      алуу     каттоосу,     паспорт    режиминин     эрежелерин

аткарылышына көзөмөлдү жузөгө ашыруу, жарандарды белгиленген  тартипте эсепке коюуну жана эсептен чыгарууну жүргүзүү, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  жарандык  абалдын  актыларын

каттоо;

  • мектептик,мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык  сактоо

чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана  башка объектер менен камсыз кылуу;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык аракеттерди жасоо;
  • жарандарга инсандык, үй-бүлөөлүк, мүлктүн абалын ырастоочу документтерди

жана мыйзамдар менен каралган башка документтерди берүү;

  • аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылуучулардын алгачкы эсепке

алынышып жүргүзүү, аларды аскердик эсепке кабыл алууну жана эсептен чыгаруу, аскердик кызматка чакырууну уюштурууга көмөктөшү;

  • Айыл   чарбасына   жарактуу  жерлерди   кайра  бөлүштүрүү фондунун   жерлерин

бөлүштүрүү жана пайдалануу;

  • айыл чарба  өндүрүшүн  келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо,

айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

  • ветеринардык-санитардык,    эпизоотияга      каршы    иш-чараларды   жана    мал

чарбачылыкта селекциялык-асыл тукум жумуштарын өз убагында  жүргүзүүнү уюштурууга көмөктөшүү;

  • айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүн тепсетүүгө  каршы күрөшүү, өстүрүлгөн

түшүмдү, токой  коргоо  тилкелерин  токой  массивин  сактоо боюнча тиешелүү чараларды камсыз кылуу;

  • салыктарды, алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо;
  • курчап турган чөйрөну коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө

ашыруу;

  • керектөочүлөдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;
  • тиешелүү аймакта жылуулук менен жабдууну уюштуруу;
  • даректүү  социалдык  коргоону уюштуруу  максатында   аз камсыз   болгон   үй-

бүлөөлөрдү иликтеп билүү;

  • Кыргыз   Республикасынын   өкмөтү  белгиленген   тартипте   айыл  жерлериндеги 

балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-  бүлөөнүн мукитаждык даражасын баштапкы аныктоо;

  • Мыйзам менен белгиленген башка ыйгарым укуктар.

 

                           V Айыл өкмөтүнүн  башчысы

 

5.1.   Айыл  өкмөтүнүн  башчысы   кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат орундарында  жалпы  5 жылдан кем эмес, ичинде   жетектөөчү  кызматтарда 3жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөдундө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

5.2.   Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик  тилди кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө билүүгө тийиш.

5.3.      Төмөнкү адам айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт:

  • Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
  • Башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгон;
  • Тиешелүу айыл аймагында туулган;
  • Ушул берененин 1-бөлүгундө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
  • Соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен муниципалдык кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууда же муниципалдык кызматтын кызматорундарын ээлөөгө тыюу салынган;
  • мыйзамда белгиленген  тартипте жоюлбаган соттуулугу бар.

5.4.      Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.

            Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

5.5.     Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү – 5 жыл

           Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимдин алмаштыруу мөөнөтү менен байланышкан эмес.

5.6  Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:

  • жеке арызынын негизинде;
  • мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин  актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
  • соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;
  • ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
  • өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими  мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттикжарандыгын алган учурда;
  • Эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга  мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
  • Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
  • Алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткансаясатка шайкеш келбеген учурда;
  • Ишеним жоголгондо;
  • Тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча  (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).

 

5.7.    Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айылөкмөтүңүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

 

 

 

 

                               VI  Айыл өкмөтүнүн  башчысынын ыйгарым укуктары

 

Айыл өкмөтүнүн башчысы:

       6.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жан Министрлер Кабинетинин актыларын,  кеңештин  чечимдерин сактоо жана аткарууну уюштурат;

       6.2.   айыл өкмөтүнүн  ишине  жетекчилик кылат жанра анын натыйжаларына  жооп берет;

       6.3. аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү  жана калкты социалдык коргоопрограммаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну  камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;

       6.4. айылдык кеңешке жергиликтүу бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймактык социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык- укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;

      6.5. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүнакимдин алдында жеке жооп берет;

     6.6. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;

      6.7.  мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

      6.8. мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүңүн апаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

      6.9.   айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги аселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды,  ошондой эле берилдген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

      6.10.   айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндо сунуш киргизет, анын ишине катышат;

      6.11. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык  башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

 

 

                          VII.  Айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басары

 

        7.1. Айыл өкмөтүнүн  башчысынын  орун басары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.

        7.2.   Айыл  өкмөтүнүн башчысынын орун басары ал жок учурда аны алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерин аткарат.

        7.3.   Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат ордужок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

        7.4.   Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчомдо анын орун басарына да колдонулат.

 

 

 

        7.5. Айыл өкмөтүнүн башчысынын  орун басарын кызмат ордунан  бошотуу администрациялык кызмат орундарынээлеген муниципалдык кызматчылар үчүн каралган негиздер боюнча жана тартипте айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан үзөгө ашырылат.

        7.6.    Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары өзү аткаручу функциялар үчүн  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  алдында жооп берет.

 

 

                                                      VIII.  Айыл башчысы

 

        8.1. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан  айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин  ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында  айыл бюашчысынын( айылдык старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.

        8.2.  Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын  чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.

        8.3. Айыл башчысы жернгиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын  жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын  тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.

        8.4.    Эгер тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы – тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардлык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүучү добуш укугу менен катышууга укуктуу.

 

 

 

IX .  Айыл өкмөтүнүн финасылык-экономикалык негиздери

 

    9.1.   Айыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалыкнегизин Кыргыз Республикасынын  мыйзамдары менен жергиликтүү жааматттарга бекитилген кирешенин салыктык жана  бей салык булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, кредиттик жана башка финансылык ресурстар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу  кагаздар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өткөрүп берилген жана жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чек арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан пайдаланылуучу жаратылыш ресурстары, ошондой эле тиешелүү аймакта ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

  9.2.   Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана башка органдары юридикалык жана жеке жактар менен фианансылык  жана экономикалык мамалелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкары фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби менен принциптери  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

 

 

X. Айыл өкмөтү жөнүндө жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү

тартиби

 

10.1. Айыл өкмөтү жөнүндо жобосуна толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү  киргизүү жергиликтүү кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте киргизилет.

10.2.   Айыл өкмөтү жөнүндо жобосу жергиликтүу кеңештин чечими менен бекитилет.

 

10.3.  Айыл өкмөтү  жөнүндө жобосуна толуктоолор,  өзгөртүүлөр киргизилген учурда ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө тийиш.

     

 

XI. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын токтото  туруу

 

11.1. Айыл өкмөтү конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына  ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттик аймактык бүттүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.

11.2. Жогорудагы көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндо конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлү айыл өкмөтүнүн ишин токтото турууга   жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

11.3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо айыл өкмөтүнун укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.

 

Мады айыл өкмөтүнүн

 башчысы                                                                                                          У.М.Олжобаев