Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мады айылдык кеңешинин кезектеги
(VII шайланган) XX-сессиясы
2023-жылдын 26-июну № 103
Кыргыз-Чек Асан-Чек айылдарындагы №149 маршруттук каттамынын жол акысын көтөрүү жөнүндө
Мады айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу №149 маршруттук каттамынын жетекчисинин жол акысын көтөрүп берүү жөнүндөгү арызын Мады айылдык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 13-июндагы отурумунун протоколунун негизинде жана күйүүчү майлардын, унаалардын тетиктик бөлүктөрүнүн кымбаттагандыгын эске алып жол акыларды көтөрүү максатында Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №149 маршруттук каттамынын жетекчисинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, эрте менен 7-00 дөн 9-00 гө жана кечинде 17-00 дөн 19-00 гө чейинки аралыкта 8 минуттук интервал менен жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгон мезгилде маршруттук унаалардын каттамдарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы аталган каттамдын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Шаарга барып окуган окуучуларга №149 маршруттук каттамдагы жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустардын айдоочуларына окуу мезгилинде окуучуларды сөзсүз түрдө токтоп, алып кетүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун 3 пунктундагы шарттарды аткаруудан баш тарткан айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилсин.
5. №149 маршруттук каттамынын жол акылары төмөндөгүдөй тартипте белгиленсин:
- Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылынан – Ош шаарына чейин - 20 сом
- Айыл ичинде жүргүнчүлөрдүн жол акысы - 15 сом
- Шаарга барып окууган окуучуларга - 10 сом өлчөмүндө жол акылар бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика жана финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияларын ( Ж.Аматов, К.Темирбаевке) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |