Редакцияот 24.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2026-жылдын 24-марты №137

  

Суу-Башы айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык иштери жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси И.Туратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы  айыл аймагындагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык иштери канааттандырарлык деп табылсын.

 

  1. Баткен районунун өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын иш планына, айыл аймакта кооптуу болгон жерлердин керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

К. Шакиров