Редакцияот 26.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Мады айылдык кеңешинин кезектеги

(VII шайланган) XX-сессиясы

 

2023-жылдын 26-июну № 108

 

Мады   айылынын жаңы конушундагы  аты жок көчөгө  Заиров Раимбектин ысымын коюу жөнүндө

 

          Мады айыл аймагындагы  Мады  айылынын тургуну   Заиров Бекмаматтын   арызынын жана 2023-жылдын 12-июнундагы протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана  талкуулап  Мады айылдык кеңеши

 

                                                     ТОКТОМ   КЫЛАТ:

        1. Мады айыл аймагынын   Мады айылынын жаңы конушундагы аты жок көчөгө  Заиров Раимбектин ысымы ыйгарылсын.

        2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Мады айылындагы Заиров Раимбек атындагы      көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Заиров Раимбектин балдарына, жакын туугандарына  милдеттендирилсин.

        3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Б.Мадазимов