Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-февралы № 74/ХVI-29
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Ичүүчү сууга тарифти бекитүү боюнча "Ак-Кудук" муниципалдык ишканасынын директору А. А. Кунтубаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, берилген эсептөөлөрдүн негизинде, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34. 11-пунктуна ылайык, сууменен жабдуу тутумун ишенимдүү пайдаланууну камсыз кылуу, айылдын тургундарына сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүү, суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифтерин чыгымдарга ылайык келтирүү максатында Ак-Кудук айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагы боюнча суу пайдалануучулардын ичүүчү сууну пайдалануусуна акы төлөө тарифи киши башына 40 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Таза сууга болгон төлөм акы ар бир кожолук тарабынанай сайын милдеттүү түрдө төгүлүүсү зарыл жана 3 айдан ашык төлөнбөгөн учурда кожолук борбордук суу тутумунан кесилет.
4. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Ак-Кудук айылдык кенешинин бюджет, каржы, экономикалык өнүктүрүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |