Редакцияот 24.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2026-жылдын 24-марты №139

  

“Бужун” жалпы билим берүү мектебин кайра атоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майндагы №244 токтомуна ылайык, ”Бужун” жалпы билим берүү мектебинин эмгек жамаатынын жана Бужум айылдык аксакалдар кеңешинин төрагасы Ы.Салиевдин сунуштарыны эске алуу менен, этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 25-февралындагы отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан “Бужун” жалпы билим берүү мектеби мекемесинин аталышы өзгөртүлүп, мындан ары “Мамажунус Ысмайылов” атындагы жалпы билим берүү мектеби деп кайра аталсын.

 

  1. Мектептин жаңы аталышын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, тиешелүү документтерге өзгөртүү киргизүү жагы Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мансуровго милдеттендирилсин.

 

  1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

 

К. Шакиров