Редакцияот 24.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIX-сессиясы

 

2026-жылдын 24-марты №140

Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын калкты  ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу, суу түтүктөрүн тейлөө, оңдоо иштерин каржылоо максатында, элдин пикирин эске алуу менен “Бужум Таза-Суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Амановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн тариф  төмөнкүдөй болуп  бекитилсин.

                    Эсептегич аркылуу:

                    -үйгө киргизилген- 20 (жыйырма) сом.(1м3 үчүн)

                    -бюджеттик мекемелер үчүн -25 (жыйырма беш) сом.(1м3 үчүн)

                    -башка керектөөчүлөр үчүн  -25 (жыйырма беш ) сом.(1м3 үчүн)

                    Үй чарбасын борбордук суу түтүгүнө кошуу- 5000( беш миң) сом (ар бир үйгө)

                    Калк үчүн – 20(жыйырма) сом (бир адамга айына)

  1. Бекитилген тариф 2026-жылдын 1-апрелинен баштап колдонууга киргизилсин.
  2. Мекеме ишканалар жана элдер менен таза сууга болгон төлөмдөр боюнча келишим түзүү жана келишимге ылайык иш алып баруу жагы “Бужум Таза-Суу” коомдук бирикмесинин жетекчиси С.Амановго тапшырылсын.
  3. Өзүн-өзү каржылоодон түшкөн акча каражатын үнөмдөп, жаңы конуштарга таза суу тартуу жагы колго алынсын.
  4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

 

К. Шакиров