Редакцияот 28.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

 

2025-жылдын 28-июлу № 34

“Айыл чарба багытындагы Мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, калктуу конуштар “ категориясына которуу жөнүндө”

 

     Кең-Талаа айыл аймагына караштуу   Эски-оочу айылындагы “Сарыжалаң” участкасынын  №36 контурун Мамлекеттик фондунун (ФПС) 1,73га сугат айдоо жерин Эски-Оочу айылына  мектеп куруу үчүн багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-июлундагы №86 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

1.    Кең-Талаа айыл аймагына караштуу   Эски-оочу айылындагы №36 контурдан  1,73га Мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерин, мектеп куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлер категориясынан, калктуу конуштар “ категориясына которууга  макулдук берилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн турак жай жана жер боюнча башкы адиси Т.Акимовго милдеттендирилсин.

 

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа  айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары , коомдук уюмдар  жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев