Редакцияот 29.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2025-жылдын 29-декабры № 45

Айыл чарба багытындагы жерлерди , Калктуу конуштар жерлери багытына которуу жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык, Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Жети-Таш айылындагы №1090- контурдан 1,0 га жерди  багытын өзгөртүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл  өкмөтүнүн сунуш катын угуп жана талкуулап

Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

1.    Кең-Талаа айыл  аймагына караштуу Жети-Таш айылындагы № 1090-контурдан 1,0 га  жерди  таза суу кампасын куруу үчүн жайыт  “Айыл чарба багытындагы” жерлерди, “Калктуу конуштардын жерлери” багытына которууга макулдук берилсин.

 

2.    Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча  адиси Ж.Бекботоевго  жүктөлсүн.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык Кеңешинин  муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев