Редакцияот 02.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңешини

 

2026-жылдын 2-февралы № 3

Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин аткарылышы жана

2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-102-беренелерине жана    Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, Кең-Талаа айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кең-Талаа айылдык кеңеши

Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1.    Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Муратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

2.    Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн  2025-жылдагы бюджетинин аткарылышы жакшы  деп табылсын.

3.    Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн  2025-жылдагы калдыгы  14015,1 жана 2026-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 57 186,5 миң сом эсебинде киреше жана 72 913,3 миң сом чыгашалары   бекитилсин.

4.    Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 51 621,1 миң сом өлчөмүндө алымча кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.

5.    1-Январь 2026-жылга бюджеттик каражаттардан калган 14015,1 миң сом акча каражаттарынын сметасы  бекитилсин.

6.    1-Январь 2025-жылга  атайын эсептен калган 5,0 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы  бекитилсин.

7.    Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн  2025-жылда каржыланбай калган чыгымдарды

8.     2026-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.

9.    Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн  бюджети боюнча 2026-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 00,0 миң суммасында белгиленсин.

10. Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн  2026-жылга каралган бюджети 2026-жылдын 1-январынан ишке баштап киргизилсин.

Бул чечимдин аткарылышын камсыздо Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратовго көзөмөлдөө Кең-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев