Редакцияот 03.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Талаа айылдык кеңеши

 

2026-жылдын 3-марты № 10

 “Кыргыз Республикасында географиялык  аталыштар жөнүндө”

                                                                                                                                           

 

      Кең-Талаа  айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25 мартындагы №17 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык

Кең-Талаа  айылдык кеңеши

 

                                                      Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

 

  1. Кең-Талаа  айыл аймагынын “Кайрагач” айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун протоколу жана Кең-Талаа  айылдык кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясынын   протоколдору көңүлгө алынсын.
  2. Кең-Талаа  айыл аймагынын “ Кайрагач”айылындагы Уринбаева Бисомина көчөсүнө Бахча-1 деген наамды ыйгарууга макулдук берилсин.
  3. Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылдын 25-мартындагы “ Кайрагач”айылындагы Бахча-1 көчөсүнө Уринбаева Бисомина деген наамды ыйгарууга макулдук  берүү  жөнүндө” №17 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышы Кең-Талаа  айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Джумабаевге милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:

 

Б.Жумабайев