Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 116-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун Баңгизаттарга каршы борбору жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Макулдашуунун расмий тилдеги долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-августундагы № 290 тескемеси менен жактырылган.
Макулдашууда аны ишке ашырылышы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн туруктуу жана натыйжалуу системасын түзүүгө, ыкчам маалымат алмашууну кеңейтүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө жана координацияланган баңгизатка каршы чараларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт деп каралган.
Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасына трансулуттук баңгизаттык кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, көп тараптуу баңгизатка каршы кызматташтыктын алкагындагы күч-аракеттерди координациялоону жакшыртууга, ошондой эле региондук коопсуздукту камсыздоого салым кошууга мүмкүндүк берет.
Макулдашууда «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык чегинүүлөрдү билдирүүгө тыюу салган же катышуучулардын белгилүү бир категорияларына гана чегинүүлөрдү билдирүүгө жол берген жоболор камтылбагандыктан, Макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттерине киргизүү зарылдыгы жок болгон, ушуга байланыштуу алар менен макулдашуу жүргүзүлгөн эмес.
Жогоруда аталган Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.