Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 4 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 4/29
Гавриловка мектеп комплексине Токтогул Сатылгановдун ысымын ыйгаруу жөнүңдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүңүң 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө” токтомуна ылайык Гавриловка мектеп комплексинин кайрылуусун жана сунушун эске алуу менен,Гавриловка айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушун пикирин эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка мектеп-комплексине Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылсын.
2. Гавриловка айылындагы Гавриловка мектеп комплекси “ Гавриловка айылынын Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби” деп аталсын
“ Гавриловка айылынын Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби” жаңы аталышы менен иш-кагаздарын жана юридикалык документтери кайрадан таризделсин.
Токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Урматовго жүктөлсүн
Төрага | Ы.Б. Нааматов |