ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2026-жылы 27-марты №12
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 17.02.2026-ж №8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Баткен облусунун прокуратурасынын 2026-жылдын 18-мартындагы №26/186-04-11-15-00-189 сандуу катынын негизинде мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-февралындагы “Катуутиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” №8 сандуу токтомун жокко чыгарылсын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Артыков |