ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2026-жылы 27-марты №14
Жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 2025-жылдын жыйынтыгын угуу жана 2026-жылга карата иш чаралар планын бекитүү
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Агрардык маселелер (трпнспорт, курулуш, айыл чарба, өнөр жай) боюнча туруктуу комиссиянын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2025-жылга аткарган иштеринин маалыматын угуу жана 2026-жылга карата иш-чаралар планын бекитүү максатында жайыт комитети эки жолу сессияга чакырылган. Тилекке каршы, сессияга келбегендигине байланыштуу, кызмат ордун кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага: |
Н.Артыков |