Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

2026-жылы 27-марты №15

 Жазгы талаа жумуштарына даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, ошондой эле көчө жарыгынын абалы боюнча аткарылган иштер алымча-кошумчалары менен канааттандырарлык деп бекитилсин.
  2. Токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановко милдеттендирилсин.
  3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

Н.Артыков