Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 4 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 4/32
2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” №67 токтомду аткаруу максатында жана XXIX-чакырылыштын 4 кезектүү сессиясынын №4 протоколун талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” №67 токтому кынтыксыз аткарууга алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ш.Урматовго жана МИ “Көрктөндүрүү комбинаты” башчысы А.С.Мекиновго жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |