Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы

2026-жылы 27-марты №16

 “Таза суу” Төрт-Гүл муниципалдык ишканасынын 2025-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле “Таза суу” Төрт-Гүл муниципалдык ишканасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча 2025-жылы аткарган жумуштары канааттандырарлык деп табылсын.
  2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Артыков