Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 30-марты № 01-15/10
Алтын-Бешик айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №19 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык . Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 27-февралындагы №24/28/08-6/122 сандуу чыгыш катыны талкуулап чыгып.Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин XVIII сессиясы токтом кылат:
1. Алтын-Бешик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №19 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип төмөнкүдөй баяндалсын. Калктуу конуштардын таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөнөөтүү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.
2. Алтын-Бешик аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү , жыйноо жана төлөгөө көзөмөл жүргүзүү жагы Алтын-Бешик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко милденттендирилсин.\
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https:// altyn-beshik.gov.kgвеб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер жана Мыйзамдуулук, боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Матраимова |