Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын5 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 14-марты № 5/33
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирдин Шалта айылынын, Осмон көчөсүнүн №22 үйүнүн тургуну Тойбаева Тамарага онкологиялык оорулуу 2-чи топтогу майып болгондугуна байланыштуу жазган кайрылуусунун негизинде материалдык жардам бөлүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылынын,Осмон көчөсүнүн №22 үйүнүн тургуну Тойбаева Тамара 2-чи топтогу онкологиялык майып болгондугуна байланыштуу материалдык жардам катары, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30,0 (отуз) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирге жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |