Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 302-VIII
"Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII токтомунун аткарылышы тууралуу
"Банк чөйрөсүндөгү жана Интернет тармагындагы алдамчылык кылмыштарына каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII токтомун аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жогоруда аталган токтомдун аткарылышы жөнүндө берилген маалымат эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аталган токтомдун аткарылышы боюнча толук чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 25-июнундагы № 3297-VII токтомдо көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине квартал сайын берип турсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |