Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын 5 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 5/35
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирдин Гавриловка айылынын, М.Горький көчөсүнүн №93 үйүнүн тургуну Азарова Натальянын жазган кайрылуусунун негизинде материалдык жардам бөлүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гавриловка айылынын, М.Горький көчөсүнүн №93 үйүнүн тургуну Азарова Натальяга күйөөсү Фурсов Игорь Викторович онкологиялык оорулуу 2-топтогу майып болгондугуна байланыштуу материалдык жардам катары, Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30,0 (отуз) миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аскарбек уулу Насирге жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |