Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 14 сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты №57

 Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 29.12.2025-жылдагы №48 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 19.08.2025-жылдагы № 502 токтомун жетекчиликке алып, айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеш токтом кылат:

  1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын көрүсөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби бир жайга 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Токтомду мыйзамда белгиленген тартипте аткарууга алуу, айыл өкмөт башчысы Б. Искендеровго жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын. 
  4. Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6.    Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Г.Матажиев