Редакцияот 19.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-февралы № 198-VIII

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 26-октябрындагы № 1549-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Аппарат кызматкерлеринин кызматтык иш сапарлары жөнүндө жободо:

1) 1-бөлүмдүн 1.2-пунктунда:

- төртүнчү абзацта "500" деген цифралар "1000" деген цифраларга алмаштырылсын;

- бешинчи абзацта "2500" деген цифралар "3500" деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси Аппараттын кызматкерлерине өлкө ичиндеги иш сапарларынын чыгымдарынын ордун толтуруу бөлүгүндөгү финансылык чыгымдарды бөлүштүрүүгө ыйгарым укуктуу.";

2) 3-бөлүмдүн 3.1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев