Редакцияот 17.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезектеги 14 сессиясы

 

2026-жылдын 17-марты №59

Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жер аянтын  бир түрүнөн башка категорияга которуу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши  токтом кылат:

  1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жайыт багытынан Эргенек коомуна 5,5 км аралыктан суу түтүкчөсүн тартып келүүгө жердин багытын которууга (трансформация) кылууга макулдук берилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарына жарыялансын. 
  3. Ушул токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.    Ушул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Г.Матажиев