Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАМАЛДУУ-САЙ  ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

II  чакырылышынын

кезектеги XIII сессиясы

 

  2025-жылдын  24-декабры  №7

 

«Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө»

 

Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Джумаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кенешинин II чакырылышынын кезектеги 13 – cессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Шаардык мэриянын 18.12.2025-жылдагы “2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорлордун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” №01-17/3605 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Джумаевдин билдирүүсү эске алынсын.

 

2.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” Жобосунун негизинде, Шамалдуу-Сай шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун тизмеси тиркемеге ылайык жактырылсын.

/тиркеме тиркелет/

3.    Шамалдуу-Сай шаары боюнча 2026-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) грантка сунушталган долбоорлордун өздүк салымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеде көрсөтүлгөн пайыздык чендерге ылайык 3 208, 8 (үч миллион эки жүз сегиз мин сегиз жүз) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин жана 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине киргизүү жагы Шамалдуу-Сай шаардык мэриясына милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн сунуштоо жагы шаардык

Кенештин жооптуу катчысына (А.Уметбеков) милдеттендирилсин

5.    Токтом Шамалдуу-Сай шаарынын www.shamalduusaykenesh.el.kg расмий

сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар

Кенешинин төрагасынын м.а.:

 

З.К. Кеңешов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

БЕКИТИЛДИ

Шамалдуу-Сай шаардык депутаттар Кеңешинин 24.12.2025-жылдагы кезектеги 13-сессиясынын №7 токтомунун тиркемеси

 

 

 

2026-жылга карата Шамалдуу-Сай шаары боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун

тизмеси

 

№

Долбоордун аталышы

Долбоордун жалпы суммасы

Республикалык бюджет

Өздүк салымы ЖБ

Пайызы

1

““Теремок” МЧББМ имаратын оңдоп түзөө

2 461,3

1 722,91

738,39

30%

2

Келечек МЧББМ ашканасын жана кампаларын оңдоп түзөө

3 205,6

2 179,8

1025,8

32%

3

Балдар музыкалык мектебинин имаратын оңдоп түзөө

4 362,6

2 923,0

1 439,6

33%

 

Жалпы суммасы:

 

10 029,51

6 825,71

3 203,8

 

 

 

 

Шамалдуу-Сай  шаардык

депутаттар Кенешинин төрагасынын м.а.: З.К. Кеңешов