Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
XXIX-чакырылыштын5 кезектүү сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 5/38
Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп,жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын суу ресурстары,Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай Министрлигинин 25-февраль 2025-жылдын 04-13/59-жылдагы буйругу Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк,асыл тукум чарбаларына айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартибине ылайык Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын баштапкы өлчөмүн белгилөө үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларына айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык артыкчылыктуу субъекттерине мөөнөттүү пайдалануу 2025-2026-жылдарга тоорук аркылуу берилет
- Суулу айдоо жер аянты үчүн - 8000 сом 1 га
- Кайрак айдоо жер аянты үчүн - 2000 сом 1 га
- Чабынды жер үчүн -100 сом 1 га
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, айыл чарба, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т.Борбодоевге жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Б. Нааматов |