Редакцияот 09.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 9 - июлу № 33/IX-29

 

“Кочкорбаев айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө

 

Кочкорбаев айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону карап чыгып, таанышып жана талкуулап Кочкорбаев айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. “Кочкорбаев айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык  бекитилсин.

2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, этика жана регламент боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.И.Токбергенов