Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-марты № 167
Жер казынасын пайдалануучулардан салыктык эмес кирешелерди алуу маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 16-беренесинин 3-пунктунун 5-пунктчасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жободо:
11-пунктта:
– 2-пунктчанын отуз алтынчы абзацында «, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармап туруу үчүн» деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– жер казынасын пайдалануучу тарабынан лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдар боюнча берилген эсептөөлөрдү белгиленген тартипте макулдашат;»;
– 4-пунктчанын онунчу абзацында «, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоого» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдын эсептелишинин, отчеттун түзүлүшүнүн, ошондой эле кайра эсептелишинин тууралыгын контролдойт;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геология кызматы жөнүндө жободо:
13-пунктта:
– 2-пунктчанын жетинчи абзацында «, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын» деген сөздөр алып салынсын;
– 2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– жер казынасын пайдалануучу тарабынан лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдар боюнча берилген эсептөөлөрдү белгиленген тартипте макулдашат;»;
– 3-пунктчанын он төртүнчү абзацында «, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын» деген сөздөр алып салынсын;
– 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– лицензияларды кармап туруу үчүн жыйымдын эсептелишинин, отчеттун түзүлүшүнүн, ошондой эле кайра эсептелишинин тууралыгын контролдойт;».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 17-мартындагы № 20 (3780) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |