КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-марты № 200
Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсация төлөөнү баштоо мөөнөтүн кыскартуу максатында, "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, депозиттерди камсыздандыруунун эл аралык принциптерин эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 298 "Кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент банктарды тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн депозиттерди коргоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |