Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары,кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 19-мартындагы № 10-1/76 буйругуна тиркеме
|
Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө
жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнү;
- техникалык паспорт берүүнү.
Техникалык паспорт акы төлөө жолу менен ишке ашырылат.
2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөөнү кыймылсыз мүлк жайгашкан жер боюнча жергиликтүү каттоо органдары жүзөгө ашырат. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөө белгиленген арыздын негизинде жүзөгө ашырылат.
Ошондой эле кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык изилдөөгө арыздарды жана документтерди кабыл алуу онлайн режиминде жергиликтүү каттоо органы тарабынан Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук формадагы арыздарды жана документтерди кабыл алуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө өзүнө алгачкы жана кийинки изилдөөлөрдү камтыйт.
Алгачкы изилдөө жаңы түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт.
Кийинки изилдөө реконструкциянын, планын өзгөртүүнүн, профилин өзгөртүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү өзгөргөндө укук ээсинин арызы боюнча милдеттүү тартипте, ошондой эле укук ээсинин демилгеси боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.
Мында техникалык изилдөө имараттар менен курулмалардын техникалык абалын же коопсуздугун текшерүү болуп саналбайт. Техникалык паспорт кыймылсыз мүлк бирдигин текшерүү учурунда жүргүзүлгөн иш жүзүндөгү өлчөөлөрдүн негизинде түзүлөт.
Техникалык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча техникалык паспорт түзүлөт (1-тиркеме).
Техникалык паспорт түзүлгөндө объекттин дубалдарынын материалы жана курулган жылы жөнүндө маалыматтар, ырастоочу архивдик же долбоордук документтер жок болгон учурда, арыз берүүчүнүн сөзүнүн негизинде же кыймылсыз мүлк бирдигин визуалдык кароонун жыйынтыгы боюнча аныкталат.
4. Бул Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар техникалык паспортту даярдоо жана толтурууда кыймылсыз мүлктүн максаттык пайдалануусуна ылайык пайдаланылат:
Абрис — бул жердин чиймеси, талаа шарттарында кол менен жасалган сүрөткө тартуу иштери, анда өлчөмдөр, аралык жана негизги объектилердин жайгашкан жери көрсөтүлөт жана талаа маалыматтарын иштеп чыгууга, ошондой эле жерге жайгаштыруу, кадастр жана топографиялык сүрөткө тартуу боюнча расмий документтерди даярдоого негиз катары кызмат кылат.
Турак жай курулма - адамдар жашашы үчүн узак пайдаланууга эсептелген, туруктуу типтеги капиталдык курулма.
Турак эмес жай - өндүрүштүк, соодалык, маданий-агартуучулук, дарылоочу-санитардык, коммуналдык-тиричиликтик, административдик жана башка максаттар үчүн арналган курулма.
Негизги курулма - өзүнүн арналышы боюнча башкы деп саналган курулма. Бир жер участогунда бир же андан көп негизги курулма болушу мүмкүн.
Көмөкчү курулуш - белгилүү жер участогундагы негизги курулмага караганда экинчи даражадагы мааниге ээ курулма. Көмөкчү курулмаларды техникалык изилдөөдө алардын ички жайлары ченелбейт. Турак жай секторундагы көмөкчү курулуштардын катарына турак жай секторундагы: сарайлар, гараждар (жеке пайдалануудагылар), бастырмалар, жертөлөлөр ж.у.с. кирет.
Жер үстүндөгү курулма - полдун деңгээли тротуардын же жерпайдын белгисинен төмөн эмес белгиленген курулма.
Цоколь (жарым жер төлө) курулма – полдун деңгээли тротуардын же жерпайдын белгисинен ички бийиктигинин жарымынан ашпаган төмөндүктөгү курулма.
Жер төлө курулма – жайлардын полу белгиленген учурда тротуардын же жерпайдын белгисинин бул жайлардын бийиктигинин жарымынан көбүнөн төмөн турган курулма.
Мансардалык курулма - бөлмөлөрү чатырдын ичиндеги жайда жайгашкан курулма, мында анын бөлмөлөрүнүн шыбынын горизонталь бөлүгүнүн аянты астананын аянтынын жарымынан кем эмес, ал эми дубалдарынын шыптын жантайган четине чейинки бийиктиги 1,6 м кем эмес болууга тийиш.
Кошумча курулуш - тышкы дубалдардын контурунан сыртта жайгашкан курулманын бөлүгү. Кошумча курулманын көбүндө негизги курулма менен ички байланыш болот. Кошумча курулманын аянты негизги курулманын жалпы аянтынын ичине киргизилип эсептелет.
Жайлар - курулманын ичиндеги өзүнчө, жанаша башка бөлмөлөрдөн жылчыксыз дубалдар же жылчыксыз тосмолор менен бөлүнгөн жана көчөгө, короого, жалпы пайдалануудагы коридорго же тепкич аянтка өзүнчө чыгуучу бөлүгү. Жайлар арналышы боюнча турак жай жана турак эмес жай болуп бөлүнүшөт.
Жатакана - адамдардын жашашы үчүн атайын курулган же ылайыкташтырып жабдылган турак жай. Жатаканага берилген курулмаларда ашкана, буфет жана ушул сыяктуу жайлар тийиштүү типке (соодалык, маданий-агартуучу жана башка жайлар) киргизилүүгө тийиш. Алардын аталыштары жана аянттары эгер түзүлө турган болсо, планга жана экспликацияга жазылууга тийиш.
Конок үйү – жеке турак жай имараты же жеке турак жай имаратынын бир бөлүгү болгон, бөлмөлөрү конок үйүнүн кызматтарын көрсөтүү үчүн колдонулган жайгаштыруу каражатынын бир түрү.
Бөгөттөлгөн (блоктолгон) турак үйү - ар кандай үй-бүлөлөр үчүн, бир нече секциялардан (блоктордон) турган, ар биринин өзүнүн жер тилкесине өзүнчө кире бериши бар, жылчыксыз жалпы каптал дубалдары менен бириктирилген, тешиктери жок имарат.
Апартаменттер — иш жүзүндө жашоо үчүн бардык шарттары бар (ашкана, санитардык түйүн, коммуникациялар) мейманкана же коммерциялык типтеги имараттардагы турак эмес жайлар.
5. Техникалык паспорт кагаз жана электрондук форматта даярдалат жана каттоонун автоматташтырылган системасынын электрондук архивине жайгаштырылат. Техникалык паспортту электрондук форматта түзүүгө мүмкүн болбогон учурда, кагаз жүзүндө таризделген техникалык паспорт сканерден өткөрүлүп, электрондук архивге киргизилет.
Техникалык паспорттун электрондук формасын Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталына жайгаштыруу тартиби кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
6. Кыймылсыз мүлк бирдигине жеткиликтүүлүк болбогон учурда, арызды аткаруу 30 жумуш күнгө чейин токтотулат, бул тууралуу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүлөт. (2-тиркеме).
Эгерде арыз ээси кабарланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде кыймылсыз мүлк бирдигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылбаса, анда кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык изилдөөдөн баш тартуу жүргүзүлөт (3-тиркеме).
7. Көп убакытты талап кылган ири жана татаал объектилерге техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө техникалык изилдөөлөр келишимдик негизде аткарылат.
8. Техникалык изилдөөнү жүргүзүүдө иштин төмөнкүдөй иретин сактоо зарыл:
- архивдик документтерди изилдөө;
- талаа жумуштары;
- камералык жумуштар.
9. Айына бир жолу техникалык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү каттоо органынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилиги комиссия менен бирге даярдалган техникалык паспорттордун арасынан бир нечесин тандап алып, жеринде чыгып контролдук өлчөөлөрдү жүргүзөт.
2- глава. Өзүм билемдик менен курулган объекттерге техникалык изилдөө
10. Өзүм билемдик курулуш деп турак үй, имарат, курулма же башка кыймылсыз мүлк таанылат, эгерде алар төмөнкү учурларда курулган болсо:
-жер участогу бул максаттар үчүн бөлүнбөсө,
- зарыл болгон уруксат документтери болбосо же Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана курулуш ченемдери менен эрежелерин бузуу менен.
11. Эгерде курулуш куруу максаты үчүн бөлүнгөн жер участогуна тургузулса жана укук ээсинин жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтери болсо, бирок курулушка уруксат берүүчү документтери жок болсо, техникалык паспорт берүү менен техникалык изилдөө жүргүзүлөт. Бул учурда техникалык паспортто курулуш пайдаланууга кабыл алынбаганы тууралуу белги жазылат.
Техникалык изилдөөдө курулуш максаттары үчүн жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жок адамдардын аныкталган уруксатсыз курулуштары, ошондой эле көп квартиралуу турак үйгө карата уруксат берүүчү жана долбоордук документтерде көрсөтүлбөгөн уланма курулуштар же кошумча курулуштар табылган учурда, техникалык текшерилүүгө жатат, бул жөнүндө кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортуна жана архивдик материалдарына жазуу жазылат. Ошол эле учурда жергиликтүү каттоо органынын адиси тарабынан тиешелүү акт түзүлүп, аны бир жуманын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына же архитектуралык-курулуштук көзөмөл жана контроль жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга тиешелүү чараларды көрүү максатында жөнөтүлөт.
3-глава. Талаа жумуштары
12. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин изилдөө жер участогун изилдөөнү, курулмаларды кадастрдык сүрөткө тартууну жана абрис түзүүнү камтыйт.
13. Кыймылсыз мүлк объекттерине кадастрдык сүрөткө тартуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
14. Курулмаларды сүрөткө тартуу изилдене турган объекттердин багытын аныктоо менен башталат. Өлчөөлөр электрондук өлчөөчү жабдууну же өлчөөчү рулетканы колдонуу менен жүргүзүлөт.
15. Имараттардын сырткы өлчөмдөрү цокол деңгээлинен терезе оюуктарынын деңгээлине чейин 10 см чейин тактык менен өлчөнөт.
16. Өлчөөлөрдүн тактыгын камсыз кылуу жана иштин ыңгайлуулугу үчүн имараттын сырткы өлчөмдөрүн саат жебесине каршы багытта, ал эми ички өлчөмдөрүн — жумуш жүргүзүүнүн шарттарына жараша өлчөө сунушталат.
17. Имараттын сызыктык өлчөөсүнүн акыркы чекити катары объекттин бурчу, 0,40 м ашык чыгып турган элементтери эсептелет. Имараттын сызыктуу ченөөлөрүнүн акыркы чекити болуп объекттин бурчу, ошондой эле 0,40 мден ашкан чыгып турган элементтер эсептелет. Өлчөөлөр чыгып турган элементтерден же дубалдын горизонталдык сызыктарынын бурчтук чекиттеринен башталат.
18. Диагоналдык өлчөөлөрдү негизинен чоң жана тик бурчтуу эмес формадагы жайларда жүргүзүү сунушталат.
19. Имаратты планын түзүүдө бардык дубалдардын жана бөлүүчү тосмолордун калыңдыгы эске алынат.
20. Ички өлчөөлөр имараттын бардык дубалдарынын периметри боюнча, полдун деңгээлинен 1,10–1,30 м бийиктикте, 10 см чейинки тактык менен эшиктерди, терезе ачылыштарын, чыгып турган элементтерди жана башка конструктивдик бөлүктөрдү өлчөө жүргүзүлөт. Эшик жана терезе ачылыштары жарык ачылышы боюнча өлчөнөт.
21. Тепкич аянттарын өлчөөдө, аянттар өлчөнүп, абриске тепкичтердин саны жана марштардын көтөрүлүү багыты көрсөтүлөт.
22. Имараттын кабаттуулугу жер үстүндөгү кабаттардын саны боюнча аныкталат. Биринчи жер үстүндөгү кабат катары жердин пландалган деңгээлинен (отмостка же тротуар) төмөн болбогон кабат эсептелет. Эгер имараттын ар башка бөлүктөрүндө жер үстүндөгү кабаттардын саны ар башкача болсо, кабаттуулук имараттын эң бийик бөлүгүнө ылайык аныкталат.
23. Имараттын сырткы өлчөмү өлчөнүп бүткөндөн кийин ички жайлардын абриси түзүлөт.
24. Абрис бардык жайлар үчүн бир убакта же ар бир жай өлчөнгөн сайын түзүлүшү мүмкүн. Кандай болгондо да абрис негизги дубалдарды, бөлгүч тосмолорду, эшиктерди жана терезе ачылыштарын чийүүдөн башталууга тийиш.
25. Абрис курулуштун планы боюнча, өлчөөнүн жүрүшүнө жараша бардык бөлүктөрү көрсөтүлүп, өлчөмдөрү коюлган абалда түзүлөт.
26. Көп кабаттуу имараттарда абрис ар бир кабат үчүн өзүнчө түзүлөт: жер төлөдөн башталып, акыркы кабат (турак үйлөрдө – мансарда) менен аяктайт.
27. Типтүү долбоордо абриске техникалык кабат (жер төлө), биринчи жана типтүү кабаттар, ошондой эле акыркы кабаттардагы жайлар киргизилет.
28. Абристи түзүүнүн жана өлчөө жүргүзүүнүн тартиби:
- имараттын негизги капиталдык тышкы дубалдарынын контурларын, кошумча курулуштардын дубалдарын, ошондой эле периметри боюнча же анын бөлүктөрү боюнча терезе жана эшик оюктарынын контурларын чийүү;
- имараттын бурчтарынан баштап, терезе жана эшик оюктарынын башталышын жана аякталышын, ошондой эле негизги жана кошумча имараттардын бардык периметрлерин белгилөө менен, өлчөмдөрдү ырааттуу жазуу менен өлчөө жүргүзүү.
29. Эгерде коңшу имараттардын тыгыз жайгашуусунан улам сырткы дубалдардын жалпы периметрин өлчөө мүмкүн болбосо, дубалдардын узундугу бөлмөлөрдүн ички өлчөмдөрүнүн жана дубалдардын калыңдыгынын суммасы менен аныкталат.
4- глава. Камералык жумуштар
30. Имараттардын пландары абристенг алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Пландар чийме кагазына так аткарылат, тиешелүү форматтагы баракка симметриялуу жайгаштырылат.
31. Кабаттык планы 1:100 масштабында түзүлөт. Өзгөчө учурларда, узундугу 70 мден ашкан ири имараттарда 1:200 масштабында чийилиши мүмкүн.
32. Негизги имараттын 1:100 масштабдагы планы ±0,5 мм тактык менен түзүлүшү керек.
33. Кабаттык пландарда төмөнкүлөр масштабдалат:
- дубалдар жана бөлүүчү тосмолор;
- терезелер жана эшиктер.
34. Кабаттык пландар бир формат баракта, жер төлөдөн баштап ырааттуу жайгаштырылат. Зарыл болсо, кабаттардын пландары өзүнчө барактарда да чийилиши мүмкүн.
35. Кабаттуу планды чийүүдөн мурун, сырткы өлчөмдөр ички өлчөмдөрдүн жана дубалдардын калыңдыгынын суммасына дал келерин текшерүү үчүн эскиздик өлчөөлөр арифметикалык жактан текшерилет. Фасад сызыгы ырасталгандан кийин масштабга туура которулуп, бөлмөлөрдүн өлчөмдөрүнө ылайык каптал сызыктар курулат.
36. Чийүү биринчи кабаттын планынан башталып, жер төлө үчүн (эгер бар болсо) орун калтырылат. Чиймедеги конфигурация имараттын иш жүзүндөгү конфигурациясына так дал келиши керек. Андан соң бардык капиталдык дубалдар (диагонал боюнча так) түшүрүлөт жана алардын туура жайгашуусу табигый өлчөмдөр боюнча текшерилет.
37. Андан соң бөлүүчү тосмолор жана оюктар иш жүзүндөгү өлчөмдөргө жана шарттуу белгилерге ылайык белгиленет.
38. Кабаттын планынын жогорку бөлүгүндө кабаттын аталышы жазылган штамп коюлат (жер төлө, жарым жер төлө, 1‑кабат ж.б.).
39. Жабык верандалар, галереялар, тамбурлар ички өлчөөлөр боюнча белгиленет. Ачык верандалар, балкон жана галереялар контур менен көрсөтүлөт.
40. Кабат пландарында дубалдын профили боюнча чыккан элементтер пунктир менен белгиленет. Бардык горизонталдык өлчөмдөр чийилип, кесилишке кирген дубал бөлүктөрү штриховка менен көрсөтүлөт (полдон 1,2 м бийиктикте).
41. Имараттын планындагы литерация жер тилкеси планындагы литерацияга дал келиши керек. Жайлардын номерлери ар бир кабатта көрсөтүлөт. Жайларды номерлөө ар бир кабатта жүргүзүлөт. Жайлардын номерлениши жана аянты төмөнкүчө: сызыктын үстүндө бөлмөнүн номери, сызыктын астында – аянты көрсөтүлөт.
42. Көп кабаттуу үйлөрдө жалпы коридорлор жана тейлөө/чарбалык жайлары рим цифралары менен номерленет. Алардын аянты ар бир кабаттын экспликациясынын аягында, негизги жайлардан кийин көрсөтүлөт.
43. Туура эмес формадагы имараттардын пландары өлчөө жүргүзүлгөн сайын түзүлөт. Пландарда бардык өлчөмдөр метр менен, онго чейинки тактыкта көрсөтүлөт:
- биринчи кабат, жер төлө жана цоколь (жарым жер төлө) – негизги жана кошумча имараттын тышкы дубалдарынын периметри боюнча;
- бардык кабаттар, жер төлө, цоколь жана мансарда – бардык бөлмөлөрдүн узундугу жана туурасы, формасы стандарттуу эмес бөлмөлөрдүн ички дубалдарынын толук периметри.
Кабаттардын жана жайлардын аталышын, ошондой эле аянтты планда аткаруучу көрсөтөт.
44. Имараттын аянттары төмөнкүчө аныкталат:
курулуш аянты – курулуш объекттеринин ээлеген аянты;
жалпы аянт – бардык бөлмөлөрдүн, орнотулган шкафтардын, лоджиялардын, балкондордун, верандалардын, террасалардын жана башка элементтердин жыйындысы;
өндүрүш аянты – өндүрүштүк муктаждыктар үчүн пайдаланылган аянт;
турак аянты – турак бөлмөлөрдүн жыйындысы;
турак жайдын жалпы аянты – турак жана турак эмес жайлардын жыйындысы, мында балкон, лоджия, веранда жана терраса эсепке алынбайт.
Имараттын аянттары абрис боюнча эсептелет. Эсептөөлөр иш жүзүндөгү өлчөөлөр боюнча ондукка чейинки тактык менен жүргүзүлөт.
45. Туура формадагы имараттардын аянты узундугун туурасына көбөйтүү аркылуу аныкталат. Тик бурчтуу эмес формадагы имараттын аянты тийиштүү геометриялык формулалар менен аныкталат. Турак үйдүн аянты тышкы дубалдардын ички бетинин чегинде өлчөнгөн кабаттардын аянттарынын суммасы катары эсептелет.
46. Тепкичтин аянты батирдин жалпы аянтына киргизилет. Лифт шахталарынын жана башка конструкциялардын аянты ошол кабаттын аянтына кошулат, өлчөмдөрү эске алынат.
47. Тик бурчтуу жайлар үчүн атайын аянт эсеп барактары түзүлбөйт; аянт пландын жана абристин негизинде аныкталып, аткаруучу тарабынан планга белгиленет.
48. Тик бурчтуу эмес формадагы бөлмөлөрдө, ошондой эле пилястрлар жана башка элементтер көп кездешкен бөлмөлөрдө, аянтты эсептөө формулалары имараттын абрисинин талаасында же арткы бетинде көрсөтүлөт.
49. Тик бурчтуу эмес жайдын (бөлмөнүн) аянтын эсептөө үчүн план жөнөкөй геометриялык фигураларга бөлүнөт (тик бурчтуктар, трапециялар, тик бурчтуу үч бурчтуктар жана башка фигуралар).
50. Жайлардын жалпы аянты турак бөлмөлөрдүн, жардамчы жайлардын (орнотулган шкафтар жана кире бериштер), маданий-тиричиликтик жана медициналык тейлөө жайларынын аянттарынын суммасы катары аныкталат.
51. Кабаттык планга жазылган жайлардын (батирлердин) аянттары имарат боюнча суммаланып, техникалык паспорттун тиешелүү бөлүгүнө киргизилет. Мында жайлардын жана турак бөлмөлөрдүн саны эсептелип, бул маалыматтар документтин ошол эле бөлүгүнө жазылат.
52. Жайлардын аянты боюнча маалыматтарды бекитүү мүмкүн болгон каталар текшерилип, оңдолгондон кийин гана жүргүзүлөт.
53. Бийиктиги 1,8 м жана андан жогору болгон дубалдын ичине кирген коңул, оюк/боштуктар жайлардын аянтына киргизилет.
54. Эшик, терезе оюктарынын чегиндеги аянт эсепке алынбайт.
55. Узундугу 2 м жана андан ашкан аркалар жайлардын аянтына киргизилет.
56. Батирлердин (жайлардын) номерлери техникалык текшерүүдөн кийин түзүлгөн кабат пландарында саат жебеси боюнча солдон оңго карай коюлат.
57. Техникалык паспорттун кабаттык планындагы батирлердин (жайлардын) номерлери жеринде берилген номерлерге так дал келүүгө тийиш.
58. Батирлердин (жайлардын) номерлөөсү төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- чакан имараттар үчүн – батирдин (жайдын) негизги кире беришинин жанында;
- көп батирлүү чоң имараттар үчүн – батирдин (жайдын) эшигинин жанындагы тепкич аянтчасында.
59. Турак жана турак эмес өзүнчө бөлмөлөрдүн нумерациясы ар бир батир (жай) боюнча араб цифралары менен саат жебесинин багыты боюнча, кире бериштен баштап жүргүзүлөт.
5-глава. Талаа жана камералдык иштердин
жыйынтыктарын карап чыгуу
60. Талаа иштеринин жыйынтыктарын текшерүүдө төмөнкүлөр бааланат:
- кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдигин тартуунун толуктугу жана тактыгы;
- объекттердин пландагы конфигурациясынын жана жайгашуусунун тууралыгы;
- бардык репердик чекиттердин болушу жана алардын туура белгилениши.
Камералдык иштердин жыйынтыктарын текшерүүдө жергиликтүү каттоо органынын жетекчилиги төмөнкүлөрдү контролдойт:
- жер участогу жана ага жайгашкан имараттардын пландарынын туура түзүлүшү;
- жазууларга, масштабга, шарттуу белгилерге, бардык өлчөмдөргө, кол тамгаларга жана мөөрлөргө ылайык келүүсү;
- имараттардын литерлеринин мурда түзүлгөн техникалык паспорттор менен шайкештиги;
- участоктун планына тиркелген аянттарды жана экспликацияларды эсептөөнүн тууралыгы;
- төлөм нарядын тариздөөнүн тууралыгы.
61. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр түзүлөт:
- менчик ээсине берилүүчү кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорту, (1-тиркеме);
62. Техникалык паспорт төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жер участогунун планын;
- участоктогу бардык негизги имараттардын кабаттык пландары;
- бардык негизги жана көмөкчү имараттардын жана курулмалардын конструкциялык элементтеринин сүрөттөлүшү;
- жер участогу жана имараттардын аянттарын эсептөө жыйынтыктары, бул маалыматтар техникалык паспортко киргизилет.
63. Цоколдук (жарым жер төлө) курулуш үчүн техникалык паспорт көп кабаттуу турак үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлеринин жалпы жыйынынын чечими менен берилет.
| 1-тиркеме | |
Кыймылсыз мүлк бирдигинин | Технический паспорт единицы | |
техникалык паспорту | недвижимого имущества |
Идентификациялык код |
| ||||
Кыймылсыз мүлктүн дареги
| Документтин аныктыгын текшерүү | ||||
Катталган күн | Менчик ээсинин А.А.Ф. | бөлүк (үлүш) | Менчик укугуна документ | ||
|
|
|
| ||
|
|
|
| ||
Катталган күн | Пайдалануучунун А.А.Ф. | бөлүк (үлүш) | Пайдалануу укугуна документ | ||
|
|
|
| ||
|
|
|
| ||
|
|
|
| ||
Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат | |
Изилдөөнүн тиби: | Изилдөө жүргүзүлгөн күн: |
Кыймылсыз мүлктүн түрү: | Менчиктин формасы: |
Пайдалануу формасы: | Максаттуу багыты: |
Жер участогунун юр. аянты: | Курулуштун аянты: |
Жер участогунун иш жүзүндөгү аянты: | Батирдин сериясы: |
Дубалдын материалы: | Курулган жылы: |
Кабаты:____ Кабаттуулук: _____ | Чатырдын тиби: |
Бөлмөлөрдүн саны: | Балкондордун саны: Лоджиялардын саны: |
Жылытуунун тиби: | Санузлдин тиби: |
Канализация: | Водопровод: |
Ванна, душ же сауна: | Газдаштыруу: |
Строение
Литера | Негизги курулуш | Курулган жылы | Курулуштун тиби | Иш жүзүндө пайдалануу формасы | Жалпы аянт |
А | ü |
|
|
|
|
а |
|
|
|
|
|
Б |
|
|
|
|
|
В |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Филиал:
Эскертүү:
1. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык параметрлеринде өзгөрүүлөр аныкталган учурда, бул техникалык паспорттун
ордуна менчик ээсине жаңы техникалык паспорт берилет.
2. Техникалык паспорт кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ болуп саналбайт
Жер участогунун планы
1-масштаб:_______
С
Ю
|