Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 200 токтомуна) |
Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары - Агенттик) кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөп бере ала турган банк-агенттерди алдын ала тандоо тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун камсыз кылуу жана кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү баштоо мөөнөтүн кыскартуу максатында Агенттик банк-агенттерди алдын ала тандоону жүзөгө ашырат.
3. Банк-агенттерди алдын ала тандоону Конкурстук комиссия үч жылда бир жолу календардык жыл аяктаганга чейин алты айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзөт.
4. Ушул Жободо "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган аныктамалар колдонулат.
2-глава. Конкурстук комиссия
5. Банк-агенттерди алдын ала тандоо максатында Агенттиктин беш мүчөсүнөн, кызмат орду боюнча конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналган, башкармасынын бир мүчөсүнөн, ошондой эле Агенттиктин төрт кызматкеринен турган Конкурстук комиссия түзүлөт.
6. Агенттиктин аткаруучу директору Башкармадан сунушталган талапкерлердин негизинде банк-агенттерди алдын ала тандоону жүргүзүү үчүн Конкурстук комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана Конкурстук комиссиянын катчысын дайындайт.
7. Конкурстук комиссиянын катчысы конкурстук комиссиянын ишин уюштуруучулук-документтик камсыздоону жүргүзөт жана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосуна катышуу үчүн депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын билдирмелерин чогултууну жана сактоону камсыз кылат;
2) Конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнө жыйналыштарды өткөрүү жөнүндө кабарлайт;
3) Конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) Конкурстук комиссиянын документтерин жүргүзүүнү жана сактоону камсыз кылат.
3-глава. Банк-агенттердин алдын ала тизмесине киргизүү үчүн катышуучу банктарга карата талаптар
8. Банк-агенттерди тандоого катышуу үчүн банк "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан белгиленген кошумча талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4-глава. Банк-агенттерди алдын ала тандоо тартиби
9. Банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосунун башталышы жөнүндө кулактандырууну Агенттик төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырат:
1) Агенттиктин расмий веб-сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо;
2) депозиттерди коргоо системасынын катышуучу банктарына банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосунун башталышы жөнүндө билдирүү катын жөнөтүү.
10. Банк-агенттерди алдын ала тандоонун башталышы жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү чагылдырат:
1) Агенттик жөнүндө кыскача маалыматтарды жана анын реквизиттерин;
2) алдын ала тандоону өткөрүү датасын, конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүн;
3) банк-агентти тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн банктарга карата талаптарды.
Зарылдыгына жараша конкурска катышкан банктар кошумча маалымат алуу үчүн Агенттикке кайрыла алат.
11. Агенттик депозиттерди коргоо системасына арыз берген банк-катышуучулардын арасында конкурстук негизде банк-агенттерди алдын ала тандоону жүргүзөт.
12. Конкурска катышуу үчүн катышуучу банктар банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө жарыяланган күндөн тартып 20 жумуш күндүн ичинде Агенттикке ушул Жобонун талаптарына ылайык тандоого катышууга билдирме беришет.
13. Алдын ала тандоого катышуу үчүн банк Конкурстук комиссияга төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
1) банк жөнүндө кыскача маалымат;
2) өтүнмө (ушул Жобонун 1-тиркемеси);
3) эгерде банк жеңүүчү деп таанылса, ушул Жободо каралган шарттарда Агенттик менен үч жылдык мөөнөткө келишим түзүүгө анын милдеттенмеси;
4) банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларына компенсацияларды төлөө процессин мыкты уюштуруу боюнча банктын сунуштары.
14. Өтүнмө банк тарабынан Агенттикке кабарлоо менен жиберилет же Агенттиктин өтүнмөнү алган фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен (электрондук түрдө) берилет. Өтүнмө "Конкурстук комиссия. Алдын ала тандоого" деген белги жана жөнөтүүчү банктын аталышы менен белгиленет. Өтүнмө Агенттик тарабынан ал келип түшкөн күнү катталат жана Конкурстук комиссиянын катчысына берилет.
15. Эгерде өтүнмөнү каттоодон өткөртүүдө банк тарабынан бардык зарыл документтер берилбегендиги же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги аныкталса, анда Агенттик банкка бул жөнүндө сунуш менен жазуу жүзүндө билдирүү жиберет.
16. Конкурстук комиссия банктан берилген документтерге тиешелүү түшүндүрмөлөрдү суроого укуктуу.
17. Зарылдыгына жараша Конкурстук комиссия банк тарабынан ушул Жобонун белгиленген талаптарынын сакталышы, атап айтканда капиталдын шайкештиги жана өздүк капиталдын деңгээли боюнча талаптардын сакталышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктан талап кыла алат.
18. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Конкурстук комиссия Агенттиктин башкармасынын бекитүүсүнө бирден үчкө чейин ылайыктуу банк-агенттерди берет.
19. Тандоонун жеңүүчүлөрү менен аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишим түзүлөт (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
20. Банктардан өтүнмөлөр болбосо же алар белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Агенттик Улуттук банк менен макулдашуу боюнча уставдык капиталында мамлекеттик менчиктин үлүшү кеминде элүү пайызды түзгөн бир же эки банк менен түздөн-түз келишим түзүүгө укуктуу. Уставдык капиталында элүү пайыздан кем эмес мамлекеттик катышуу үлүшү бар банк-агенттерди тандоо алардын ушул Жобонун 8-пунктунун талаптарына эң көп ылайык келүү даражасына жараша жүзөгө ашырылат жана Агенттиктин башкармасынын чечими менен бекитилет. Ушул пунктка ылайык тандалган банк-агенттер Агенттик менен келишим түзүүгө милдеттүү жана ага кол коюудан баш тартууга укуксуз. Банк-агенттер кепилденген учур келип чыкканда ушул Жободо жана түзүлгөн келишимде каралган милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, анын ичинде банк-агенттин функцияларын өз убагында жана толук ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
21. Тандоонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү банктарга 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
22. Агенттик банк-агенттердин жаңы тизмеси бекитилгенге чейин банк-агенттердин мурда бекитилген тизмеси колдонулат.
23. Агенттик ар жылдык негизде банк-агенттердин финансылык абалына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзөт. Бул үчүн Агенттик банк-агенттерден "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жаңыртылган маалыматтарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген кошумча талаптарды сурайт.
Зарылдыгына жараша Агенттик банк-агент тарабынан Жободо белгиленген талаптардын сакталышы жөнүндө маалыматты Улуттук банктан талап кыла алат.
24. Агенттиктин башкармасы жаңыртылган маалыматты алган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесине киргизилген банк-агенттердин ушул Жобонун талаптарына ылайык келишин белгилейт.
25. Банк тандалган банк-агенттердин тизмесинен төмөнкүдөй учурларда чыгарылат:
1) банк ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
2) келишимдин колдонулушу токтотулганда;
3) банк-агенттен аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишимди бузуу жөнүндө расмий билдирүү алганда.
26. Банкты алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечим Агенттиктин башкармасы тарабынан кабыл алынат. Бул тууралуу билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен банкка жиберилет.
27. Эгерде Агенттиктин башкармасы тарабынан башкача белгиленбесе, банкты алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгаруу ошол банктын алдын ала тандоого кайталап катышуусу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
28. Алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен чыгарылган банк алынып салынгандан кийин 1 жылдан эрте эмес убакытта алдын ала тандоого кайрадан катышууга укуктуу.
29. Алдын ала тандалган банк-агенттердин тизмесинен бир же бир нече банк чыгарылган учурда, Агенттик ушул Жобонун талаптарына ылайык банк-агенттерди алдын ала тандоо жол-жобосун кайрадан жарыялай алат.
30. Тандоого катышуу үчүн акы төлөнбөйт жана Агенттик банктардын аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарын компенсациялабайт.
5-глава. Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо
31. Агенттик банк-агенттер тарабынан ушул Жобонун талаптарынын сакталышы жөнүндө Улуттук банкка кат жүзүндө суроо-талап жиберет. Суроо-талап кепилденген учур келип чыккан күндөн тартып 1 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилүүгө тийиш.
Агенттик тарабынан ыкчам чечим кабыл алуу максатында Улуттук банк суроо-талап алынган учурдан тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбестен Агенттикке жооп берет.
32. Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн Агенттиктин башкармасы бир же бир нече банк-агенттерди тандайт. Мында Агенттиктин башкармасы төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
1) банк-агенттердин алдын ала тизмесине киргизилген катышуучу банктын ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө Улуттук банктан алынган маалыматты;
2) аманатчылардын санын жана кепилденген учуру келип чыккан депозиттерди коргоо системасынын катышуучусунун депозиттеринин географиялык түзүмүн;
3) банк-агенттин аманатчыларга компенсацияларды төлөө жол-жобосуна даярдыгын;
4) башка маалыматтарды.
Агенттиктин Башкармасы чечим кабыл алган күндөн тартып 2 жумуш күндөн кечиктирбестен Агенттик тандалган банктарга билдирүү жиберет.
6-глава. Корутунду жоболор
33. Кепилденген учур келип чыкканда Агенттиктин башкармасы тарабынан тандалган банк-агент(тер) компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун формасы жана тартиби, анын ичинде филиалдар жана аманат кассалары жөнүндө маалыматты борбордук офистерде жайгаштырат.
34. Агенттиктин жана банк-агенттердин ушул Жобо менен жөнгө салынбаган мамилелери жарандык мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары, ошондой эле "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоого катышууга ӨТҮНМӨ
_______________________________________________________________________ (банктын аталышы, толук банктык реквизиттер)
Уставдын негизинде иштөөчү __________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________ (ФАА, кызмат орду)
аркылуу (мындан ары - банк) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аманатчыларга компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн банк-агенттерди тандоого катышууга өзүнүн ниетин билдирет.
Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр билдирилет:
1) банк депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу болуп саналат;
2) банк _____-ж. "___" ____________ баштап жеке адамдардын акча каражаттарын аманатка тартуу боюнча ишти жүзөгө ашырат (лицензиянын көчүрмөсү тиркелет);
3) банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан отчеттук айлык даталарга карата белгиленген милдеттүү ченемдерди акыркы 12 айдын ичинде аткарат;
4) банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берген капиталдын адекваттуулугу жана өздүк капиталдын деңгээли боюнча талаптарды аткарат (тиркелет);
5) банктын компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн филиалдарынын кеңири тармагы бар;
6) банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик-кассалык тейлөө боюнча чектөөлөрсүз лицензиясы бар;
7) жазма буйруктарды эске албаганда, банк-агенттерди алдын ала тандоо жарыяланган датага чейин акыркы 6 айдын ичинде "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир этүү чаралары колдонулган эмес.
Банк-агентти тандоонун жеңүүчүсү деп табылган учурда, банк Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жободо каралган шарттарда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен банк-агенттин ортосунда аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө келишим түзүүгө милдеттенет.
Тиркеме:
1) депозиттерди коргоо системасына катышуу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиялардын көчүрмөсү __________ баракта;
3) салыктар жана милдеттүү төлөмдөр боюнча убактысы өтүп кеткен карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттар ___________ баракта;
4) милдеттүү ченемдерди аткаруу жөнүндө маалымат ___________ баракта;
5) банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчыларына компенсацияларды төлөө процессин жакшы уюштуруу боюнча банктык сунуштар.
Банктын жетекчиси: ________________________________________________________________________
колу, кол коюлган дата
М.О.
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен банк-агенттин ортосунда аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби жөнүндө КЕЛИШИМ
Бишкек ш. |
| 2026-ж. "___" ________________ |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин (мындан ары - Агенттик) атынан "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги № 157 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобонун негизинде аракеттенүүчү Аткаруучу директор ___________________, бир тараптан жана банктын Уставынын негизинде аракеттенүүчү ________________________ (мындан ары - банк-агент) экинчи тараптан, бирге Тараптар деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
I. Келишимдин предмети
1. Катышуучу банкта, микрофинансылык катышуучу компанияда, депозиттерди коргоо системасынын кредиттик турак жай-сактык катышуучу компаниясында кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө жана отчетторду берүү тартиби Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого ылайык ушул Келишимдин предмети болуп саналат.
II. Тараптардын милдеттенмелери жана укуктары
2. Агенттик төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) кепилденген учур келип чыккан банктын, микрофинансы компаниясынын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчыларына компенсациялык төлөнүүгө тийиш болгон сумманы эсептөөгө жана түзүүгө;
2) кепилденген учур келип чыккандан кийин 27 календардык күндөн кечиктирбестен аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын которуунун бекитилген графигине ылайык (ушул Келишимдин 5-тиркемеси) сумманы банк-агентке которууга;
3) банк-агенттин юридикалык дарегин жана жайгашкан жерин, компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруунун күнүн, убактысын, формасын жана тартибин басма сөз органында мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоого.
3. Банк-агент төмөнкүлөргө милдеттенет:
1) Агенттиктен акча каражаттары келип түшкөндөн кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен кепилденген учур келип чыккан банктын, микрофинансы компаниясынын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчыларына компенсацияларды төлөөнү жүзөгө ашырууга;
2) төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчетторду Агенттикке жума сайын, белгиленген формада берип турууга (ушул Келишимдин 3-тиркемеси);
3) компенсациялык төлөөнү жүзөгө ашырган учурда аманатчыга ага берилүүгө тийиш болгон компенсация жөнүндө көчүрмөнү берүүгө (ушул Келишимдин 4-тиркемеси);
4) компенсациялык төлөөлөр башталган датадан кийин бир жыл өткөндөн кийин аманатчылардын талап кылынбаган жана төлөнүп берилбеген каражаттарын 3 жумуш күндүн ичинде Агенттикке кайтарууга;
5) компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө маалыматты борбордук (башкы) офиске кире бериште жана операциялык залдарда, филиалдарда, сактык кассаларда жана башка жерлерде жайгаштырууга;
6) жана банктык, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчыларына компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды аткарууга;
7) Агенттиктин суроо-талабы боюнча жыл сайын Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келиши жөнүндө жаңыланган маалыматтарды берип турууга;
8) Агенттик тарабынан тартылган тышкы аудитордук уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аманатчыларга компенсацияларды төлөө процессине тиешелүү документтерге, маалыматтарга жана башка материалдарга жана кепилденген учурдун алкагында Агенттик тарабынан берилген акча каражаттарын пайдаланууга тышкы аудитти, анын ичинде жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негиздүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында жүргүзүлгөн аудитти жүргүзүү максатында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга, ошондой эле Агенттиктин же көрсөтүлгөн аудитордук уюмдардын биринчи суроо-талабы боюнча ушул Келишимдин аткарылышына байланыштуу бардык зарыл маалыматтарды, документтерди жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
9) автоматташтырылган маалымат алмашуу үчүн API аркылуу Агенттиктин маалыматтык системасы менен техникалык даярдыгын жана маалыматтык системаларынын шайкештигин камсыз кылууга, ошондой эле аманатчыларга компенсацияларды төлөө башталганга чейин бардык зарыл болгон маалыматтык системаларды тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөрүүгө.
4. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
1) банк-агент аманатчыга төлөп берген компенсациялык сумманын тууралыгын аныктоого;
2) төлөнгөн компенсациялык суммалар жана алар боюнча калдык каражаттар жөнүндө маалыматтарды суроого;
3) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди "адалдоо" жана/же террорчулукту каржылоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон аманатчыга карата кылмыш иши токтогонго же сот тарабынан акыркы чечим чыгарылганга чейин ага депозит боюнча компенсацияларды төлөөнү токтотуп турууга;
4) ушул Келишимдин II бөлүмүнүн 3-пунктунун 4-пунктчасы аткарылбаган учурда кийинки күнү аманатчылардын төлөнүп берилбеген жана талап кылынбаган акча каражаттарын банк-агенттин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз эсептен чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төлөм документин жөнөтүүгө;
5) Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келиши жөнүндө жаңыланган маалыматтарды банк-агенттерден суроого.
5. Банк-агент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кепилденген учуру келип чыккан банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын аманатчысы менен тараптарды канааттандыруучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда банктык салым келишимин түзүүгө;
2) компенсациялык төлөмдүн өлчөмү (суммасы) жөнүндө талаш пайда болгондо зарыл документтерди берүү менен Агенттикке кайрылуу укугу жана кайрылуу тартиби жөнүндө аманатчыга маалымат берүүгө.
III. Тараптардын жоопкерчилиги
6. Тараптар ушул Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда күнөөлүү Тарап Келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталуучу компенсациялык төлөөлөрдү жүзөгө ашыруу өз убагында башталбаган учурда, Агенттик аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумманын ар бир кечиктирилген күнү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын өлчөмүндө үстөк төлөйт.
8. Ушул Жобонун II бөлүмүнүн 3-пунктунун 1-пунктчасына ылайык аманатчыга компенсациялык сумма өз убагында төлөнбөгөн учурда банк-агент Агенттикке төлөнүүгө ар бир кечиктирилген күн үчүн тийиш болгон суммадан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген жылдык эсептик ставканын өлчөмүндө туум төлөйт.
9. Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчетторду берүү боюнча милдеттенме аткарылбаган учурда банк-агент мындай берилбеген же өз убагында берилбеген ар бир учур үчүн 100 (бир жүз) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып төлөйт.
10. Тараптардын бирөөсү Келишимдин жарактуулук мөөнөтүнө карабастан экинчи Тараптын коммерциялык, банктык жана мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарын ачыкка чыгарган учурда, күнөөлүү Тарап Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
11. Айып төлөмдөрдүн (айыптардын, туумдардын) суммасын төлөө Тараптарды Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттерин аткаруудан бошотпойт.
IV. Форс-мажор
12. Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн, эгерде ал табигый кырсыктар ж.б. сыяктуу, Тараптардын Келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк бербеген ал жеткис жагдайлардын кесепети болсо, аталган жагдайлар колдонулган мезгилде жоопкерчиликтен бошотулат.
13. Ушул Келишимдин IV бөлүмүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыкканда, Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга мүмкүн болбой калган Тарап алар келип чыккан учурдан тартып беш календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген ырастоочу документти берүү менен өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоол болгон жагдайлардын башталышы жана токтотулушу жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Кабарлоо жагдайдын мүнөзү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле Тараптардын ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө алардын таасирине баа берүүнү камтууга тийиш.
V. Өзгөчө шарттар
14. Келишим боюнча Тараптардын ортосунда берилүүгө тийиш бардык маалыматтар кабарлоолорду алмашуу түрүндө төмөнкүдөй ыкмалар менен берилет:
1) почта жана/же чабарман менен (тапшыруу жөнүндө белги болгондо тапшырылды деп эсептелет);
2) факс менен;
3) телефон менен (жөнөтүүчү телефонограмманы алган адамдын датасын, убактысын, фамилиясын жана кызмат ордун жазат, ал эми алуучу датаны, убакытты, жөнөтүүчүнүн фамилиясын жана кызмат ордун жазат);
- электрондук байланыш каналдарынын жардамы менен.
15. Саат 17.00дөн кийин жөнөтүлгөн кабарлоолор кийинки жумуш күнү алынган деп эсептелет. Жума күнү же майрам күндөрүнүн алдында саат 17.00дөн кийин жөнөтүлгөн эскертмелер дем алыш же майрам күндөрүнөн кийинки биринчи иш күнү кабыл алынган деп эсептелет.
16. Банк-агенттин ушул Келишим боюнча укуктары жана милдеттери үчүнчү жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
17. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча макулдашуулар менен таризделет жана эки Тараптын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлат.
18. Тараптардын аталышы жана реквизиттери өзгөргөн учурда Тараптар мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде бул тууралуу бири-бирине жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттенет.
19. Ушул Келишим менен жөнгө салынбаган бардык башка пикир келишпестиктер эки тараптын таламдарын эске алуу менен сүйлөшүүлөр жолу менен Тараптар тарабынан чечилет. Сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишилбеген учурда пикир келишпестиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
VI. Башка шарттар
20. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптардын макулдашуусу боюнча токтотулат.
21. Ушул Келишим 2 нускада түзүлдү (Тараптардын ар бири үчүн бирден), алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын реквизиттери
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги 720010, Бишкек ш., Москва көчөсү, 190 КРУБ эсеби N 1010100038900185; Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги Эсеби: "Депозиттерди коргоо фонду" E-mail: Deposit@deposit.kg Тел.: факс: | Банк-агент |
Агенттик үчүн: Аткаруучу директор | Банк-агент үчүн: |
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө ОТЧЕТ
№ | Аманатчынын ФАА | Эсептин номери | Келишим | Негизги карыздын суммасы (сом) | Пайыздардын суммасы (сом) | Жыйынтыгында төлөөгө (сом) | Компенсациянын суммасы (сом) | Компенсация төлөө датасы | |||
Келишимдин номери | Түзүлгөн дата | Бүткөн күнү |
| Төлөндү | Төлөөгө | ||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
"Төлөнгөн компенсациялык суммалар жөнүндө отчет" тиркемесин толтуруу тартиби
Отчеттун бул формасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: аманат ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, аманатчынын депозиттик эсеби ачылган банктагы алыш-бериш эсебинин номери, келишим түзүлгөн жана аяктоо датасы жөнүндө маалыматтар. "Негизги карыздын суммасы (сом)" графасында төлөнүүчү депозиттин суммасы ал боюнча кошуп эсептелген пайыздар көрсөтүлбөстөн жазылат. Пайыздардын суммасы "Төлөндү" жана "Төлөөгө" чакан графаларында жазылат, аларда банк, микрофинансылык компания, турак жай-сактык кредиттик компания төлөгөн пайыздардын суммасы жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. "Жыйынтыгында төлөөгө (сом)" графасында негизги карыздын жана төлөөгө кошуп эсептелген пайыздын суммасы көрсөтүлөт. "Компенсациянын суммасы (сом)" графасында Агенттик аныктаган жана аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы өз ичине камтыйт.
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Компенсациялык сумманы төлөө боюнча КӨЧҮРМӨ
Банк-агенттин аталышы (филиал): ____________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Мезгил: __________________________________________________________________________________
Аманатчынын Ф.А.А.: _______________________________________________________________________
Аткаруучунун коду: _________________________________________________________________________
Валютанын түрү: кыргыз сому
Дата | Өздүк эсеп | Аткаруучу | Төлөнгөн компенсациянын суммасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчинин колу: ___________________________________
М.О.
Аткаруучунун колу: __________________________________
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн акча каражаттарын которуу ГРАФИГИ
Дата | Жалпы сумма | 1-транш | 2-транш | 3-транш | 4-транш |
|
| 50% |
|
|
|
Түшүндүрмө:
Компенсациянын жалпы суммасынын элүү пайызы аманатчыларга төлөө үчүн агент-банкка которулат. Кийинки транштар биринчи транштын сексен пайызы өздөштүрүлгөндө которулат.
|
| Кепилденген учур келип чыкканда аманатчыларга компенсацияларды төлөө үчүн банк-агенттерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Талапкер-банк жөнүндө маалыматтар (талапкер-банктын аталышы)
Өткөрүү жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымат
№ | Филиалдын (бөлүмчөнүн/жайдын) аталышы (ар бир бөлүмчө өзүнчө көрсөтүлөт) | Филиал (бөлүмчө/жай) жайгашкан жердин дареги | Филиалдын (бөлүмчөнүн/жайдын) өткөрүү жөндөмдүүлүгү (талапкер-банктын негизги кардарларынан тышкары, бир операциялык күндүн ичинде тейлениши пландалган депозиторлордун саны көрсөтүлөт |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|