Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-марты № 244
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - конституциялык Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Маалымкат-негиздемеге ылайык конституциялык Мыйзамдын долбоору шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу, добуштарды сатып алуу менен күрөшүү, шайлоо күнү добуш берүүнү шайлоо участогунан тышкары жүргүзүү, айрым ченемдерди тактоо жана так эместиктерди жоюу максатында иштелип чыккан.
Алсак, конституциялык Мыйзамдын долбоору менен шайлоочуларды шайлоого катышууга дем берүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо, шайлоочуларды шайлоодо добуштарды сатып алуу фактылары жөнүндө кабарлоого жүйөлөштүрүүчү ченемдерди белгилөө, ошондой эле добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүнүн айрым эрежелерин өзгөртүү сунушталат.
1. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары - конституциялык Мыйзам) 2-беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекет шайлоого катышууга шайлоочуларды шыктандыруучу дем берүүлөрдү жана сыйлыктарды түзүүгө укуктуу экендигин белгилөө сунушталууда.
Ушуну менен бирге конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен конституциялык Мыйзамды жарандардын активдүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга дем берүүнүн механизмин караштырган 8-1-берене менен толуктоо сунушталууда.
Алсак, конституциялык Мыйзамдын долбоору менен сунушталган 8-1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык дем берүү чараларынын бири катары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда участкалык шайлоо комиссияларында шайлоочулардын катышуусу 70 жана андан ашык пайыздан ашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен жергиликтүү демилгелерди каржылоо каралган.
Бул толуктоолор мамлекеттик бюджетте каралбаган кошумча чыгымдарга алып келиши мүмкүн экендигин белгилейбиз. Жалпысынан шайлоо процесстери мамлекеттик бюджеттен олуттуу чыгымдарды талап кыларын эске алуу зарыл. Шайлоо процессинин жүрүшүндө өткөрүлүүчү иш-чаралардын масштабдуулугун жана көп аспекттүүлүгүн эске алуу менен аны уюштуруунун, өткөрүүнүн жана жыйынтыктоонун ар бир этабында эң биринчи бюджеттик каражаттарды белгиленген ченемдерге ылайык сарамжалдуу пайдалануу боюнча так жоопкерчилик талап кылынат.
Мындан тышкары конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 10-пункту менен конституциялык Мыйзамды 28-1-берене менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык добуш сатып алуу фактылары жөнүндө билдирген жарандарга дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен добуш сатып алуу менен күрөшүү фондун түзөт.
Добуш сатып алуу фактылары жөнүндө билдирген жарандар добуш сатып алуу фактысы ырасталган учурда ызаат белгилери (грамоталар, медалдар, төш белгилер) же болбосо добуш сатып алуу менен күрөшүү фондунун каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган өлчөмдө акча каражаттары менен сыйланат.
Көрсөтүлгөн жоболор бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө укуктук аныксыздыкты жана функциялардын кайталануу тобокелдигин пайда кыларын белгилөө зарыл, себеби:
- жарандарды сыйлоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу бюджеттик мыйзамдарда каралган эмес жана кошумча укуктук жөнгө салууну талап кылат;
- добуштарды сатып алуу фактыларын аныктоо жана контролдоо функциялары Борбордук шайлоо комиссиясына жүктөлгөн;
- жарандарга төлөмдөрдү жүргүзүү Борбордук шайлоо комиссиясынын объективдүүлүгүнө жана көз карандысыздыгына шек келтириши мүмкүн;
- фондду түзүү тартиби, каражаттарды пайдалануу жана добуштарды сатып алуу фактысын аныктоо критерийлери жетиштүү деңгээлде жөнгө салынган эмес.
Ушуну менен бирге маалымкат-негиздемеде конституциялык Мыйзамдын долбоору бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт деп көрсөтүлгөн, ошол эле учурда активдүү шайлоо укугуна дем берүү чаралары жана шайлоочулардын добуштарын сатып алууга каршы күрөшүү боюнча фондду республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүү республикалык бюджетте каралбаган чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынарын белгилөө зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгү менен жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт деп каралган.
Ошондой эле конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 8-1-беренесинин 3-бөлүгү менен менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчү шайлоо күнү иштеген кызматкерге активдүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн убакыт берүүгө милдеттүү деп каралган.
Ушуну менен бирге бул ченемде мындай убакыттын көлөмү жана аны берүү тартиби, анын шайкештигинин критерийлери, ошондой эле көрсөтүлгөн мезгилдин укуктук режими, анын ичинде ага акы төлөө (эмгек акысын сактоо же токтоп туруучу убакыт катары кароо) маселелери укуктук аныксыздыкты камтыйт, бул кошумча ченемдик жөнгө салууну талап кылат.
Мындан тышкары конституциялык Мыйзамдын 48 жана 59-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттарын кезектеги шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 100 календардык күндөн эрте эмес жана 90 календардык күндөн кеч эмес дайындалат. Добуш берүү күнү тиешелүү айдын жекшембиси болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен конституциялык Мыйзамдын долбоору менен сунушталган 8-1 жана 28-1-беренелерин кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
2. Конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануунун түрлөрүнө талапкерди көрсөтүүгө жана (же) шайлоого өбөлгө болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн карамагындагы же башка кызматтык көз карандылыкта турган адамдарды, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо мекемелеринин кызматчыларын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерин, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин тартуу кирет.
Конституциялык Мыйзамдын долбоору менен аталган ченемдеги "аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин" деген сөздөрдү "аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун төрагаларын жана орун басарларын" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталууда.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн айыл аймагынын, шаардын бир бөлүгүндө өз алдынча уюму түшүнүлөт.
Ушуга байланыштуу административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун төрагалары жана алардын орун басарлары тарабынан гана эмес, башка кызматкерлери тарабынан да жасалышы мүмкүн экендигин белгилөө зарыл.
Ушуну менен катар конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктунун "б" пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктун төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толуктоо сунушталууда:
"Мында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталганга чейин талапкер үгүт иштерине тийиштүү болбогон материалдарды социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялоого укуктуу.".
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32 жана 33-беренелеринин жоболоруна ылайык ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.
Башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген, шайлоого байланышпаган ар бир адамдын (анын ичинде талапкердин) укуктары эч нерсе менен чектелбейт. Ушундан улам сунушталган толуктоо кандайдыр бир кошумча укуктарды же милдеттерди белгилебейт, ошондуктан аны киргизүүнүн зарылдыгы жок.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесине сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
3. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун "в" пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталууда, ага ылайык талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат.
Конституциялык Мыйзамдын 1-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлер (талапкерлердин тизмелери) үчүн же аларга каршы добуш берүүгө түрткөн, же түртүү максаты бар иштери.
Башкача айтканда үгүт иштери башталган учурдан тартып талапкерлер жөнүндө ар кандай маалымат шайлоочулардын тиешелүү пикирин калыптандырып, аларды талапкерди колдоого же ага каршы добуш берүүгө түрткү бериши мүмкүн.
Ушундан улам конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 4-пунктуна сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
4. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 7-пунктунун "г" пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн талапкерлиги же аны көрсөткөн саясий партия үчүн үгүт жүргүзүүгө укуктуу деп белгиленген.
Сунушталган ченем шайлоо мыйзамдарынын колдонуудагы редакциясында бекитилген жоболорду иш жүзүндө кайталоодо.
Ушундан улам кайталоочу ченемдерди киргизүү укуктук жөнгө салууну тактабагандыктан, укуктук аныксыздыкты жойбогондуктан жана жаңы укуктарды же милдеттерди белгилебегендиктен, ошол эле учурда ченемдик укуктук актыда ашыкча жоболорду көбөйтүп, мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарына ылайык келбегендиктен, конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
5. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктунун "б" пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 2-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык басма жана башка үгүт материалдары үгүт материалдарын даярдаган уюмдун аталышын, жеке ишкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, үгүт материалдарын даярдоого заказ берген саясий партиянын аталышын, алардын тиражы жана чыгарылган датасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле табыштаманы төлөгөн талапкердин, саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын, күбөлүгүнүн каттоо номерин камтууга тийиш. Шайлоочуларга бекер таркатууга уруксат берилген товарларды, социалдык тармактарда таратуу үчүн талапкер өз алдынча даярдаган материалдарды, ошондой эле радио аркылуу таратылуучу материалдарды кошпогондо, көрсөтүлгөн маалыматты камтыбаган үгүт материалдарын таратууга тыюу салынат.
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр шайлоо алдындагы үгүт чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулук жана финансылык контролдоо механизмдерин алсыратат, жашыруун же жетиштүү деңгээлде идентификацияланбаган үгүт материалдарын таратуу үчүн шарттарды түзөт жана аларды каржылоо булактарын аныктоону кыйындатат.
Ошону менен бирге колдонуудагы редакция тийиштүү коомдук мамилелерди жетиштүү жана тең салмактуу даражада жөнгө салат, талапкерлердин теңдигин, шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана каржылоодо кыянаттык менен пайдалануунун алдын алууну камсыз кылат деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 27-беренесинин 2-бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
6. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунун "б" пунктчасы менен конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык талапкерлерди көрсөткөн саясий партиянын символикасын, талапкердин сүрөтүн камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, футболкаларды, кружкаларды, баш кийимдерди, моюн орогучтарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болууга ниеттенген жарандарга, алардын жакын туугандарына шайлоо дайындалган күндөн тартып: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө, шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга, товарларды базар баасынан төмөн арзандатып сатууга, ар кандай товарды бекер таратууга, кызматтарды акысыз же базар баасынан төмөн көрсөтүүгө, сыйлык убада берүүгө тыюу салынат.
Сунушталган ченемде укуктук жөнгө салуунун бир түрдүүлүгүнө жана алдын ала белгилүүлүгүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жоболор камтылган, атап айтканда:
- "талапкер болууга ниеттенген жарандар" аныкталбаган категориясын киргизүү;
- жакын туугандарына тыюу салууну жайылтуу;
- баалоо түшүнүктөрүн пайдалануу ("базар баасы", "базар баасынан төмөн");
- ченемди колдонуу чөйрөсүн өзүнчө шайлоолор менен чектөө.
Бул ченемдин колдонуудагы редакциясы шайлоочуларды сатып алуунун негизги формаларын, анын ичинде акча каражаттарын, материалдык баалуулуктарды берүүнү, жеңилдетилген шарттарда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү жана жарандардын эркин билдирүүсүнө мыйзамсыз таасир этүүнүн башка ыкмаларын камтыйт.
Ошентип колдонуудагы редакция шайлоо процессинин бардык катышуучуларына жана шайлоонун бардык түрлөрүнө жайылтылуучу шайлоочуларды сатып алууга универсалдуу жана юридикалык жактан аныкталган тыюу салууну камтыйт. Бул ченем укук колдонуу практикасында узак убакыт колдонулуп келет жана өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
7. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 12-пункту менен конституциялык Мыйзамдын 31-беренесин добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн милдеттери жөнүндө жобо менен толуктоо сунушталууда.
Ошол эле учурда конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 13-пункту менен конституциялык Мыйзамдын 33-беренесине добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү шайлоочунун жазуу жүзүндөгү (электрондук) арызынын негизинде шайлоо күнү саат 8:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлө тургандыгы сыяктуу өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле берененин бир катар колдонуудагы ченемдерин алып салуу сунушталууда.
Шайлоо күнү добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү шайлоочулардын теңдигине, жол-жоболордун ачык-айкындуулугуна жана коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктерди жаратат, ошондой эле шайлоо комиссияларына жүктөмдү жана чыгымдарды көбөйтө тургандыгын белгилей кетүү керек.
Жалпыга бирдей жана тең шайлоо укугунун принциби бардык жарандардын реалдуу катышуу мүмкүнчүлүктөрүн билдирет. Колдонуудагы редакцияда участокко объективдүү келе албаган жарандардын категориялары эске алынган.
Аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ага бийик тоолуу жана чек арага жакын райондор, алыскы калктуу конуштар, жайыт зоналары, саламаттык сактоо мекемелери, тергөө изоляторлору, ошондой эле өндүрүштүк жана стратегиялык объекттер киргизилген.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 31 жана 33-беренелеринин колдонуудагы ченемдерин алып салуу жарандардын тең укуктуулугунун бузулушуна жана шайлоого катышуу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн экендигине байланыштуу, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
8. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 14-пункту менен конституциялык Мыйзамдын 41-беренесине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Алсак, конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 2-1-бөлүгүнө сунушталган өзгөртүүгө ылайык улуттук стандарттагы QR-коддун жардамы менен ыктыярдуу кайрымдуулук кылууда кайрымдуулук жөнөтүлгөн банк шайлоо фондунун эсеби ачылган банкка кайрымдуулук кылуучунун жеке идентификациялык номерин жана фамилиясын, атын, атасынын атын берүүгө милдеттүү.
Белгилей кетүүчү нерсе, төлөм маалыматында жөнөтүүчүнүн жеке идентификациялык номери көрсөтүлбөйт, жөнөтүүчүнүн толук фамилиясы, аты жана атасынын аты берилбейт. Операциянын стандарттуу форматында эсептин реквизиттери жана транзакциянын маалыматтары гана камтылат.
Ошентип QR-төлөмдүн техникалык форматы жеке идентификациялык номерди жана толук фамилиясын, атын жана атасынын атын милдеттүү түрдө берүүнү карабайт.
Ушуну менен катар конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 9-бөлүгүнүн сунушталган редакциясына ылайык маселелерди жаратат, ага ылайык шайлоо процессинин катышуучуларынын тамак-ашына кеткен чыгымдар шайлоо алдындагы ишке кирбейт жана шайлоо фондунан төлөнбөйт.
Көрсөтүлгөн чыгымдар тескерисинче шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш жана шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү эсепке алынууга тийиш.
Мындай чыгымдарды шайлоо фондунан жабылуучу чыгымдардын курамынан алып салуу шайлоо процессинин катышуучуларынын теңдик принцибин бузуу тобокелдигине алып келиши, ошондой эле шайлоо алдындагы ишти каржылоого карата мыйзамдарда белгиленген талаптарды айланып өтүү үчүн өбөлгөлөрдү түзүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 41-беренесине сунушталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
9. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 15-пункту менен конституциялык Мыйзамдын 47-беренесинин 3-пунктун мыйзамдуу үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылган адамдар да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза же башка жоопкерчиликти тарта турган ченем менен толуктоо сунушталууда.
Бирок бул жобо укуктук аныксыздыкты жаратат жана мындай жагдайлар объективдүү себептерден улам келип чыгышы мүмкүн экендигинен кеңири чечмелөөгө жол берет. Мисалы, жайлар башка талапкерлерден бош эмес болушу мүмкүн, чектөөлөр коопсуздукка же техникалык талаптарга ж.б. байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул ченемди так критерийлерсиз киргизүү жоопкерчиликке негизсиз тартуу тобокелдигин түзөт жана укуктук аныктык принцибине каршы келет.
Ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 47-беренесинин 3-пунктуна сунушталган толуктоону киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
10. Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 16-пункту менен конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-1-пунктун күчүн жоготту деп таануу сунушталууда. Алсак, бул ченемге ылайык Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган учурда да токтотулат, төмөнкү учурларды кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар.
Конституциялык Мыйзамдын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-1-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиздеринин толук тизмеси берилген 79-беренесинин 2-бөлүгүнө каршы келет деп көрсөтүлгөн.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 3-бөлүгүндө Жогорку Кеңештин депутаты конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн экендиги каралган.
Конституциялык Мыйзамдын 65-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-1-пункту "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 Мыйзамы менен саясий коррупцияга каршы аракеттенүү жана жарандардын эл өкүлдөрүнө болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында кабыл алынгандыгын эске алып, бул ченемди күчүн жоготту деп таанууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сунушталган долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.