Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-марты № 197
Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандырууга, жүктөлгөн камсыздандырууга жана аннуитеттик камсыздандырууга карата талаптарды бекитүү жөнүндө
«Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 82-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Ислам принциптери (такафул) боюнча камсыздандыруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 45-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2951-пункт менен толукталсын:
«2951. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- 46-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3001-пункт менен толукталсын:
«3001. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- 47-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3051-пункт менен толукталсын:
«3051. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- 48-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3101-пункт менен толукталсын:
«3101. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- 49-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3151-пункт менен толукталсын:
«3151. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- 50-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3201-пункт менен толукталсын:
«3201. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 92, 93, 94-главалар менен толукталсын:
«92-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
506. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
507. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
508. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:
1) камсыздандыруу уюмунун уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруу уюмунун башкаруусунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү боюнча уюмдаштыруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрү;
2) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылган камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар;
3) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
4) камсыздандыруу шарттары (эрежелери);
5) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (эгерде бар болсо);
6) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
7) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктаган документтер, эмгек китепчеси жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө катышуу жөнүндө чет өлкөлүк компаниянын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
9) мурунку үч жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).
509. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу жүктөлгөн камсыздандыруу боюнча ишке карата лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүргүзүлөт;
2) камсыздандыруу ишин лицензияда каралган камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана жүргүзүү;
3) камсыздандыруу уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу.
510. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
511. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.
93-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча ишти лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
512. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
513. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
514. Камсыздандыруу уюму тарабынан ишке ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:
1) камсыздандыруу уюмунун уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уставынын, уставды кабыл алуу, камсыздандыруу уюмунун башкаруусунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү боюнча уюмдаштыруучулардын чогулушунун протоколунун көчүрмөлөрү;
2) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан ашык пайызына ээлик кылган камсыздандыруу уюмунун акционерлери жөнүндө маалыматтар;
3) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
4) камсыздандыруу шарттары (эрежелери);
5) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (эгерде бар болсо);
6) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу уюмунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
7) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктаган документтер, эмгек китепчеси жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
8) Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу уюмун түзүүгө катышуу жөнүндө чет өлкөлүк компаниянын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн);
9) мурунку үч жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун көчүрмөлөрү (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).
515. Камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу аннуитеттик камсыздандыруу боюнча ишке карата лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүргүзүлөт;
2) камсыздандыруу ишин лицензияда каралган камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана жүргүзүү;
3) камсыздандыруу уюмдарынын түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу.
516. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
517. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.
94-глава. Камсыздандыруу уюму тарабынан ишке ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин лицензиялоо өзгөчөлүктөрү
518. Такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишине лицензия банктык эмес финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
519. Такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө лицензия мөөнөтсүз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
520. Такафул-оператору тарабынан ишке ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу лицензиясын алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди кагаз түрүндө кошумча берет:
1) Шарыят кеңеши жөнүндө жобону, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын камтыган такафул-операторунун уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уставынын көчүрмөлөрү;
2) уюмдаштыруучулардын уставды кабыл алуу, директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, такафул-операторунун башкаруусунун аткаруу органынын кызмат адамдарын жана башкы бухгалтерин бекитүү жөнүндө чогулушунун протоколу;
3) такафул-операторунун Шарыят кеңешин түзүү жөнүндө уюмдаштыруучулардын чогулушунун протоколу;
4) камсыздандыруу уюмунун акцияларынын 10 жана андан көп пайызына ээлик кылган такафул-операторунун акционерлери жөнүндө маалымат;
5) уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
6) такафул-операторунун уставында каралган максаттарга жетүү жолдору аныкталган Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана Шарыят кеңеши тарабынан жактырылган такафул-операторунун ишинин бизнес-планы;
7) камсыздандыруу шарттары (эрежелери);
8) директорлор кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен такафул-операторунун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси (эгерде бар болсо) жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
9) ар бир адамдын аты-жөнүн жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен такафул-операторунун коллегиалдуу аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
10) аты-жөнүн, даректерин жана эмгек иши жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен такафул-операторунун Шарыят кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмеси жана алардын ишенимдүүлүк талаптарына жана белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
11) башкы бухгалтердин билим деңгээлин тастыктаган документтер, эмгек китепчеси жана квалификациясынын ишенимдүүлүк талаптарына жана башкы бухгалтер үчүн белгиленген квалификациялык талаптардын деңгээлине шайкештигин тастыктаган документтер;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында такафул-операторун түзүүгө катышуу жөнүндө чет өлкөлүк компаниянын тиешелүү органынын чечими (чет өлкөлүк камсыздандыруу компаниясы үчүн).
521. Такафул-оператору тарабынан жүзөгө ашырылуучу такафул ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишине карата лицензиялык талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) уставдык капиталды түзүү Кыргыз Республикасынын банктарында акчалай формада гана жүргүзүлөт;
2) камсыздандыруу ишин лицензияда каралган камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана жүргүзүү;
3) такафул-операторлорунун түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин шарттарына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүн (суммаларын) төлөө боюнча милдеттенмелерин аткаруу.
522. Такафул-операторунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында пруденциалдык ченемдердин төмөнкүдөй түрлөрү белгиленген:
1) төлөөгө жөндөмдүүлүк ченемдери;
2) финансылык туруктуулук ченемдери.
523. Лицензияга тиркемени алуу үчүн арыз ээси арызды жана бул лицензия бар болгон учурда камсыздандыруу эрежелеринин шарттарын берет.».
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 «Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 578 «Ислам принциптери боюнча камсыздандырууну уюштуруу (такафул) жөнүндө жана каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздар (сукук) тууралуу жоболорду бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 323 «Каржылоонун ислам принциптери боюнча чыгарылуучу исламдык баалуу кагаздардын эмиссиясы, жүгүртүлүшү жана жоюлушу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 3-пункту.
4. Ислам камсыздандыруунун алкагында ишин жүргүзгөн камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарына ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өздөрүнүн ишин ушул токтомдун 1-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына ылайык келтирүүнү камсыз кылуу сунушталсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 24 (3784) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |