Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-марты № 335-VIII
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |