Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты № 194
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 52 тескемесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5927 | 986 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 133 | 21 |
| аймактык бөлүмдөрү | 173 | 45 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5621 | 920 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 346-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 27-мартындагы № 23 (3783) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Административдик-башкаруу персоналы | ||
1 | Директор | 4,05 |
2 | Директордун орун басары | 3,65 |
3 | Филиалдын башчысы | 3,50 |
4 | Башкы бухгалтер | 3,30 |
Негизги жана көмөкчү персонал | ||
5 | Зоотехник | 2,35 |
6 | Агроном | 2,35 |
7 | Машыктыруучу адис (жокей) | 2,35 |
8 | Экономист | 2,35 |
9 | Ветеринардык врач | 2,35 |
10 | Адис (механик) | 2,35 |
11 | Юрист | 2,35 |
12 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 2,35 |
13 | Уюштуруу иштери боюнча адис | 2,35 |
Эскертүү. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги" мамлекеттик мекемесинин негизги персоналынын кызматкерлерине иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжалары, көрсөткөн кесиптик демилгеси, ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 25%ына чейин пайыздык үстөк төлөнөт деп белгиленсин.".